Menu

Алымбек Бактыбеков (Үсөн акенин небереси), шаардык кеңештин депутаты: “Чоң атам көп сын пикирлерин айтып турат»

Бөлүшүү:

Кыргызда аккан арыктан суу агат деген кеп бар эмеспи. Арабызда чоң атасынын жолун жолдоп жүргөндөр көп. Алардын бири шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков. Коомдук саясый ишмер Үсөн Сыдыковдун небереси, депутат Бактыбек Сыдыковдун уулу бул жигит билимдүү, келечектен көптү үмүттөндүрүп келе жаткан уулдарыбыздын бири. Акыркы убактарда  Алымбек жөнүндө ар кандай өйдө-төмөн сөздөрдү айтып жиберишкендиктен элге жакындан тааныштырып коюуу үчүн маекке тарттык.

–Алымбек, сөздү сенин азыркы статусуңдан баштайлы. Шаардык кеңешке, деги эле опурталдуу саясатка аттанууга ким сунуш берди?

–Чет өлкөдө окуп жүргөндө эле саясатка аралашып алган билимимди элдин пайдасына колдонгум келчү. Окууну бүтүп Кыргызстанга келдим. 2015-жылы экономика министрлигинде иштеп жүргөм. “Республика Ата-Журт” партиясындагы тааныштар “биздин саясый кеңеш жаш билимдүү балдарды топтоп жатат, келбейсиңби?”-деп чакырып калышты. Ойлонуп атам менен кеңештим. Ал киши “колуңдан келсе бар, шайлоо деле жашооңдо чоң тажырыйба болуп берет”-деп айтты. Шайлоого барып, татыктуу добуш алып шайланып келдим. Азыр элдин ишенимин актаганга аракет кылып өзүм өтүп келген жаңы конушка тынбай барып, маселесин угуп, чечкенге аракет жасайм.

–Чет өлкөдө окуп жатканда калып калуу пландары болду беле?

–Ооба, менде бир аз иштеп тажырыйба топтоп анан Кыргызстанга барсам деген ойлорум бар болчу. Англиядан жогорку окуу жайды бүтүп жатканда жада калса жакшы жерден иштөөгө сунуш да түшкөн. Бирок үйдүн улуу баласы катары атам аны туура көрбөй Кыргызстанга келишим керектигин айтты. Атамдын сөзүн эки кылбай келдим.

–Кыргызстандан абдан эрте, 8-классыңда гана кетипсиң…

–8-класска чейин Бишкектеги №67-мектепте окугам. Андан кийин Швейцариядагы Америка менен Щвейцария биргешелип ачылган Эл аралык мектепте окудум. Мектепти бүтүп Англиядагы окуу жайлардын бирине “Эл аралык бизнес жана менеджмент” факултетин бүтүргөм. Кийин магистратурасын тагыраагы “экономика жана саясат” деген факултетти бүтүп билимимди жогорулаткам. Чет өлкөдө көп жүрсөң көбүрөөк мекенчил болуп каласың. Бир жолу анда 10-класста окучумун. Бир жылдык адабияттардын тизмесин берип калышты. Карасам Чыңгыз Айтматовдун «кылым карыткан бир күн» чыгармасы мектептин программасына кириптир. Ушунчалык сүйүндүм дейсиз. Бүт кубанычымды, бул улуу инсан менин жердешим экенин Швейцариянын баардык аймагына угуза кыйкырып айткым келген. Классташтарыма бул улуу инсан жердешим экенин айтып берип тим эле башкача эмоцияда болгом. Азыр андагы абалымды сүрөттөп бере албай жатам. Териме батпай кубанганым эсимде

–Бул учурда көп эле шаарларды кыдырсаң керек?

–Ооба, Европаны толук кыдыргам десем болот. Мектебиме абдан ыраазымын. Бекер тур уюштуруп ар кайсы өлкөлөргө алып барышчу. Бирок баары бир кыргыз деген улут, мамлекеттин кымбаттыгы билинип турат. Көчөдөн бир кыргыз көрүп калсак бир тууганыбыздай кабыл алып, коноктоп, кээде ошол жактагылар чакырып сыйлап тим эле биримдиктүү элек. Студент кезде бир бала экөөбүз атайын майрамдарда калпак чапан кийип, аш жасатып барып, Кыргызстанды чогуу окуган студенттерге тааныткыбыз келчү.

 –Канча тилде эркин сүйлөй аласың?

–Орус англис кыргыз тилдеринде сүйлөп, баарлаша алам. Жаш кезимде эле атам менен чоң атам “кайсыл гана жерде жүрбө, калпагың башыңдан түшпөсүн тилиңди унутпа”-деп тарбия беришкен. Жада калса чоң атам мектепке калпакчан ээрчитип барганы эсимде.

–Белгилүү саясый ишмер Үсөн Сыдыковичтин улуу небересисиң. Ал кишиден анча-мынча кеңеш алып турасыңбы?

–Мен негизи чоң атамдын колунда чоңойгом. Чоң атамдан, атамдан кеңеш сөзсүз сурайм. Чоң атам күн сайын достору менен эртең менен эрте Эркиндик гүлбагында басат. Жумуштан келээрим менен эгерде кичине чачылып калса дагы “эмнеге сейил бак тазаланбай турат, аны карап тазалаткыла”-деп айтат.Чоң атам мени сындап,тигини муну жаса деп талап коёт. Экөөбүз чогулганда Бишкекти кандай кылып өнүктүрсөк болот деп кеңешип турабыз.

–Атаң Бактыбек Сыдыков дагы депутат эмеспи. Саясаттын оң терс жагын түшүндүргөндүр?

–Атам дайыма “саясат оор, татаал нерсе. Бирок туура түз жана таза жол менен барсаң элге кызмат кылсаң болот”-деп башында эле түшүнүктүү кылып жеткирген.

–Чоң атаңа көбүрөөк окшоштурушабы же атаңабы?

–Чоң атама көп окшоштурушат. Бул мен үчүн абдан сыймык. Өзү жумшак эле адаммын. Бирок жумушка келгенде талапты катуурак коём. Балким ушул жагынан чоң атамды тартып калгандырмын. Атам менен чоң атамдын намысын булгап албаш үчүн абдан аракет жасайм. Аларды тааныган кишини Кыргызстандын баардык бурчунан кездештирүүгө болот. Мен гана эмес, бир туугандарым үчүн  Сыдыков деген фамиля өтө ыйык.

 –Кайра чет өлкөгө кеткиң келбейби?

–Дүйнөнү канча кыдырсаң дагы Кыргызстандай жерди табуу мүмкүн эмес. Андыктан убактылуу окуп келишим мүмкүн. Бирок биротоло эч кайда кетпейм. Щвейцария менен Англияда окуп жүргөндө Кыргызстанды ушунчалык сагынып көзүмдөн учаар эле. Эми ал сагыныч менен жашагым келбейт. Мага өзүмдүн мекеним аябай жагат

–Жалаң элита чөйрөсүндө жүрөт эмессиңби, жөнөкөй чөйрөдөн досторуң барбы?

–Албетте, жыйырма жылдан бери кайда жүрбөйлү дос болуп калгандар бар. Мен адамдарды эч качан бөлгөн эмесмин. Андайларды жактырбайм дагы.

–Айылда жашай аласыңбы?

–Адам баласы баарына көнөт. Мен сөзсүз жашамакмын. Өзүм дагы ызы-чууну көп жактыра бербейм. Андыктан айыл жүрөгүмө жакын, тынч.

–Бакытбек Усенович келинине болушабы?

–Атамдын досунун кызы менен тил табышып жактырып жүрүп үйлөнгөм. Анын үстүнө биз төрт бир тууган баарыбыз эркекпиз. Ошондуктан улуу келини катары атам менин келинчегимди кызым деп аябай жакшы көрүп болушуп турат.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: