Menu

Камчыбек Жолдошбаев Нурлан Мотуев менен бетме-бет чыга алабы?

Бөлүшүү:

Мен кыйынмын деген жагынан алдына эч кимди чыгарбаган Камчыбек Жолдошбаев деген кыйын бар. Өзүнөн башканы кы­йынмын деп санабайт. Парламентте карышкырлар тууралуу сөз айтып жатып, мындан он жылдан ашык мезгилде болгон окуяны эстеп кетип, Кара-Кечедеги көмүр боюнча Аскар Салымбековду расмий түрдө мародёр деп атады. Салымбековду буга чейин эч ким мародёр деп атаган эмес эле. Кара-Кечедеги көмүр кенине Салымбеков Мотуев башкарып жатканда аралашкан деген окуяны эч ким укпаган болчу. Жолдошбаевдин айтканы, ири ишкерди мародёр деп атаганы кызык болду. Камчыбек Жолдошбаев “Азия Ньюс” гезитине өзүн өлгүчө мактап маек берип, анда “Аскар Салымбе­ковду Рысбек Акматбаевден мен сактап калганмын”деп айтыптыр. Бул өзү үчүн чындыктыр. Бирок, Рысбек Акматбаевге өзү жалдырап барып жардам сураганын дагы кошумчалап кетсе эл ишенмек. Нурлан Мотуев Кара-Кечени басып жыгылып, “көмүр королу” аталып турган кезде, Жолдош­баев ага кыр көрсөткөнү барып, Мотуевден сабалып, минип барган машинасын таштай, дөбөдөн жөө качып кутулганы калппы? Мотуевди тыйып коюу үчүн Рыс­бек Акматбаевге барып, жар­дам сураганын не айта албайт? Жолдошбаевдин өтүнүчү менен Рысбек Мотуевди Кызарттын белине жолугушууга чакырганын эл билбейт дейби? Жолдошбаев мунун баары калп десе Нурлан Мотуев менен бетме-бет келип жокко чыгара алабы? Мотуевге бетме-бет келүүгө Жолдошбаевдин духу жетеби?

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: