2010-жылкы апрель элдик ынкылабы Кыргызстандагы саясий айдыңга жаңы генерациядагы бир топ жаш саясатчыларды алып чыкты. Алардын бири – бүгүнкү күңдө Ош шаардык кеңешин башкарып жаткан Жапар Ормонов.
Чарбачылдыгы, иш билгилиги, коомдук проблемаларды чечүүгө дилгирлиги менен көзгө көрүнгөн карапайым, айылдык жигит 2011-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланып, чоң саясаттын босогосун аттаган эле. Андан көп өтпөй эле шаардык парламенттеги башкаруучу коалициянын ишенимине татып, Ош шаарынын вице-мэрлик кызматына сунушталган болчу. Ары татаал, ары жооптуу бул милдетти Жапар мырза абийирдүүлүк менен аткарды. Кийинки шайлоодо анын кайрадан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан Ош шаардык Кеңешинин депутаты болуп, анан шаардык кеңештин төрагалыгына шайланышы ага анык күбө. Ж.Ормонов шаардык кеңештин төрагалыгына келгени эч кандай ички ыйкы-тыйкылыктарга жол бербей, депутаттардын ынтымак, биримдигин чыңдап, шаардык кеңештин бүт ишмердигин Ош шаарынын социалдык- экономикалык проблемаларын чечүүгө, шаардыктардын турмушун жакшыртууга бура алды.
Ушинтип жөнөкөй жарандар арасында да, шаардык элита ичинде да жетишээрлик кадыр-баркка ээ болгон Жапар Ормонов бүгүн КСДПнын туштүк регионундагы көзгө басар кадрларынын бирине – айланып отурат. Өткөн президенттик шайлоодо анын Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектегени да бекеринен болбосо керек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ