Мурашев деген министрибиз бар экенин билесиңер да. Билбесеңер ал баягы эргул, дарыгерди андан соң талапкерди муштуму менен жалпайта уруп ийип, кайра актанып олтура берчү лөк эмеспи. Мына ушул «мушкер» Мурашев Айыл чарба министрлигин өлүп жок болгон динозаврлардын катарына кошуп коймой болду. Андыктан бир сунуш да, Айыл-чарба министри кылып баягы Чыңгыс Узакбаевди алып келбейлиби. Эсиңиздерде болсо керек экс-депутат Талант Узакбаев кызматта турганда бир тууган иниси Чыңгысбек Узакбаевди министр кылып алып келген. Ал иниси айыл-чарбаны өнүктүрүү багытына келген насыяларды бир тууганына катталган фермага бере салганы ачыкталып, ага кошумча каржылык мыйзам бузуу болуп жыйынтыгында соттолуп, 5 миллион сом айып салынган. Дагы колдоочу агасы депутат болуп калып сактап калган. Бечара «айыл чарбаны өнүктүрүү» дегенди бир тууганынын фермасын өнүктүрүү деп түшүнөт окшойт да. Мейли эми ал башка кеп, бүгүн куурай башын сындырбай олтурган Нурбек Мурашевдин ордуна ошол Узакбаевди алып келгенибизде жок дегенде бир туугандарына жардам кылат эле. Ар ким менен мушташып олтура берген министри менен жакында айыл-чарба министрлиги жоюлуп эле кетет сыягы, бул кетишинде.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ