Menu

Өзбекстанда медициналык тез жардам кызматы бекер болот

Бөлүшүү:

Менчик формасына карабастан Өзбекстандагы бардык медициналык уюмдарда калк үчүн тез жардам кызматтары бекер көрсөтүлүшү керек. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган токтомдо айтылат.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда бул тармакта бир катар олуттуу маселелер бар экени айтылып келет. Алсак, жарандар тез жардам көрсөтүү үчүн келген кызматкерлерде керектүү дарылар жок болуп, дарыканага барып өз акчаларына сатып алууга туура келип жатканына көп даттанышат. Андан тышкары тез жардам кызматынын чакырган жерге кечигип баргандыгына байланышкан көйгөйлөр дагы бар.

Жаңы документке ылайык, медициналык уюмдардын оор абалдагы адамдарга жардам көрсөтүүдөн баш тартуусуна тыюу салынат.

Андан тышкары Ташкенттеги жана аймактагы медициналык тез жардам станцияларынын базасында күнү-түнү иштей турган бирдиктүү диспетчердик Сall-борборлор ачылат.

Ошондой эле 1-февралдан тарта тез жардам кызматынын айдоочулары бейтаптарды жеткирүү боюнча кошумча аткарылган жумуштар үчүн тарифтик айлыктан тышкары 30% кошумча акы ала башташат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: