Menu

Бабановдун сөзүндө “улут аралык кастыкка чакырык жок” деп бүтүм чыгарган окумуштуулар УКМКда сурак беришти жана кызматтарынан алынды

Бөлүшүү:

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы Он-Адыр кичи районунда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөсү Үмүт Култаева КУУдагы Конфуций институтунун директору кызматынан алынды. Култаева муну адистер тобунун “Бабановдун айткандарында улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес” деген бүтүмү менен байланыштырууда.

– 25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу адистер тобунда болгонумду кызыгып сурап, бул мамлекеттик саясатка каршы келерин айтты. Мен өз кезегинде мамлекетке каршы эч кандай иш кылбаганымды, бул топто өз пикиримди билдиргенимди айттым. Бирок ректор сүйлөшүүдөн кийин менин эмгек келишимимди узартуу кыйын болуп калганын билдирди. 8-январда мени канцелярияга чакырып, жумуштан бошотулганым тууралуу буйрук менен тааныштырышты.

Култаева жана адистер тобунун башка мүчөлөрү экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу УКМКга чакырылып, сурак берип чыгышканын маалымдашты. Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин өтүнүчү менен көз каранды эмес адистер тобу былтыр 10-ноябрда түзүлгөн. Анын курамына беш илимпоз кирген, жетекчиси болуп Үмүт Култаева шайланган.

Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги Култаеванын иштен бошотулганын эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрдү.

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабанов үгүт өнөктүгү учурунда Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр районунун эли менен жолугушкан. Башкы прокуратура саясатчыга бул жыйында “конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козуткан” деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Булак:”Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: