Menu

“Дождь”: Орусияда биринчи жолу кумсалардын никеси таанылды

Бөлүшүү:

Орусия башка өлкөдөгү кумсалардын никесин расмий түрдө тааныды. Бул тууралуу “Дождь” телеканалы билдирди.

Евгений Войцеховский менен Павел Стоцко 4-январда бир жыныстуу нике мыйзамдаштырылган Копенгагенде үй-бүлө курушкан. Мындан соң алар Москвадагы көп функциялуу кызмат көрсөтүү борборуна документ тапшырышкан. Ал жерде жуптарга ашыкча суроо бербей, документтерине мөөр басып беришкен.

“Дождь” жакын туугандык сыяктуу үй-бүлө кодексиндеги чектөөлөрдөн тышкары, чет өлкөдө кыйылган бир жыныстуулардын никесин Орусия тааный турганын белгилөөдө.

Орусияда бир жыныстуу никелерге тыюу салынган. Өткөн жылы Орус православ чиркөөсү мындай жуптарга нике кыюуга расмий түрдө бөгөт койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: