Ички иштер министирлигине реформа жасайм деп келип, реформасынан кабары билинбеген Улан Исраиловдон деле элдин үмүтү үзүлө баштады. Көлдө крим чөйрөнүн өкүлдөрү ишкерлерди басынтып, өлкөдө “каралардын” доору жүрүп жатканынан кабар берсе, жол кырсыгы болсо азаймак тургай күн өткөн сайын көбөйүп жатпайбы. Кылмыштуулук менен күрөштү күчөтөт деген министрибиз, кылмыштуу дүйнөнүн лөгү эркиндикке чыгып жатса, үн дебей олтуруп берди. “Алыбек алына жараша” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ошон үчүн аталган тармакты алдыга сүйрөй албагандан кийин бул министр татыктуу генералдарга жол бошотуп берсе, араңдан жеткен генерал наамын актагандай болмок да.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ