Menu

Элмира Жумалиева: «Келдибеков фискалдык саясат боюнча жаңыланууну киргизип жатат»

Бөлүшүү:

— Эльмира айым, Ахматбек Келдибековичтин докторлук иши боюнча илимий жетекчи катары Сиздин да атыңыз аталып кетиптир. Бул боюнча кандай жооп берет элеңиз?

— Ахматбек Келдибековичтин илимий эмгегинин тегерегинде аябай чындыкка дал келбеген, жалаа жапкан маалымат чыгып кетиптир. Мен окумуштуулардын, илимпоздордун тегерегинде жүрөм, алар ошол массалык маалымат каражаттарына абдан нааразы болуп жатышат. Эми бирөөнүн жеке илимий иши тууралуу кээ бир журналисттерге бурмаланган сөздөр берилип жаткандыгы таң каларлык болууда. Мен бешинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты катары Ахматбек Келдибековичтин илимдин кандидаты катары көптөгөн эмгектери, монографиялары менен тааныш болчумун. Анын докторлук ишин жактоо боюнча бир топ жыл мурда КЭУнун диссертациялык Кеңеши темасын бекиткен. Ошондон тартып анын үстүндө иштеп жаткан. Бүгүн канчалаган балдарыбыз илимий иштерин жактап, диссертациялык Кеңештен өтүп жатышат. ЕАЭБдин алкагында канчалаган документтер жазылып жатат. Эгер ушул иш бүтүп калса, аларга бир топ пайдасы тиет эле. Булар күчтүү практиктер, ал жерде А. Жапаровду да кошуп жазып кетиптир. Жакында А. Кожошев эмгегин жактады. А. Келдибеков фискалдык саясат боюнча жаңыланууну киргизип жатат. Ал бир гана теоретик эмес, практик катары да бышып жетилди. Эми илимий эмгеги кандайдыр бир деңгээлде мамлекетибизге пайда келтирсе жаманбы?

Депутат кезинде бюджет комитетин башкарды, эми мындай маселелерди кантип чечүүгө көзү жетип атат да. Ага эмнеге кимдир-бирөөлөрдүн ичи тарып, көралбастык кылат? Дал ушул жагдайдан улам каралаган маалыматтар чыгып атат. Белгилей кете турган жагдай, бул кафедралык гана деңгээлдеги талкуу болчу. Ага Кытайданбы, Казакстанданбы, ким болбосун келип, темасын өткөрсө, аны окумуштуулар Кеңеши албай койгонго акысы жок. Демек, кафедранын деңгээлиндеги гана биринчи этап. Анан жанагы гезитте жазылып атпайбы, “Протоколдун негизинде эксперттер айтып атат”, — деп. Дагы бир ирет кайталап айтып кетейин, кафедранын деңгээлинде талкуу болгондо эксперттер катышпайт. Эки кафедранын деңгээлинде негизги талкуу темасы болуп жатты. Болгону темасы боюнча талкуу болду, фискалдык саясатпы же макроэкономикабы деген. Ошол жерде отурган кафедра мүчөлөрү илимдин доктору, илимпоз эмес. Үч гана илимдин доктору, калган катышуучулардын баардыгы кафедрада иштегендер болду. Баардык эле докторлук эмгектер ушундай талкуудан өтөт. Ар бир окумуштуунун адистиги ар башка болгондой эле ар кандай кемчиликтер болбой койбойт. Темасы боюнча келишпестиктер болуп, талкуу жүрөт. Андан соң убакыт берилет. Мен болгону консультантмын, илимий жетекчи деп коёт. Андыктан муну мындай жазса болот деп консультация гана бере алам. Болгондо да фискалдык саясаттагы жаңы жагдайды ар ким ар кандай көз карашта карайт. Бул деген алгачкы кафедранын деңгээлиндеги илимий талкуу. Аны кабыл алса да болот. Андан соң бир жылдын ичинде эксперттер дайындалып, үч илимдин докторлору эксперттик комиссия болуп кирет. Булар илимий эмгек менен толук таанышып, текшерип, алымча-кошумча киргизип, жактоого даярдайт. Бул этаптан өткөндөн кийин гана эксперттер өздөрүнүн тыянагын чыгарып, сонун болду дегенде алдын ала жактоого коюлат. Алар жактырса, каршылар, оппоненттердин талкуусуна чыгат. Кайра үч оппонент карайт. Мындай чечмелеп айтып аткандыгым, айрым журналисттер илимий иштин кантип жакталарын түшүнбөй, жактоого чыгарылды дешип, докторлугу жарабай калыптыр дегени туура эмес. Мен ал журналисттерге кайрылып “Эгер өзүңөр түшүнбөсөңөр, консультанты бар, андан докторлук кандай өтөт, кантип жакталат деп сурабайсыңарбы”, — деп айттым. Баарынан да мени 15 миң доллар алды дептир. Бул боюнча сотко берем.

Болуптур, саясатчылар саясый түшүнүк менен кабыл алышсын. Бирок саясатка аралашпагандардын атын булгап жатпайбы. Төрт илимпоз таза болуп, калганы ректор менен макул болду дегени туура эмес. Экономика илимдеринин докторлору, профессорлор да сотко беребиз деп жатышат. Бирөөнүн кадыр-баркына доо келтирген журналисттер жооп бериш керек.

Анан дагы бир айтып кете турган жагдай, университеттин ректору бул окуу жайды өзү түптөп, техникумдан тартып баласындай кылып өстүрүп, эл аралык деңгээлде таанытты. Жакында эле бир чоң эл аралык жыйын болуп, Медведевдин Каганов деген кеңешчиси келип катышты. Путиндин Глазьев деген кеңешчиси да келди. Ушундай дүйнөлүк атак-даңкы бар окумуштууларды чакырып, эл аралык жыйындарды өткөрүп, бүтүндөй Кыргызстандын атын чыгарган ректорду каралоо өтө төмөн пастык деп айтат элем. Аларга мындан башка сөз айта албайсың. Саясатпы, башкабы, анын артында адам тургандыгын жазган журналист ойлош керек болчу.

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: Жаңы Ордо

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: