Menu

Журналист Марат Тагаевдин профессорлорго Ачык каты: “Сиздер бизди адилет, абийирдүү, калыс болууга окуттуңуздар эле”

Бөлүшүү:

Филология илиминин докторлору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти академик Абдылдажан Акматалиевге, БГУнун ректору Абдылда Мусаевге, КУУнун ректору Канат Садыковго, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин тил институтунун директору Сыртбай Мусаевге, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Назаркул Ишекеевге ачык кат.

Урматтуу агайлар, бүгүн филология илиминин доктору, профессор Үмүт Култаева КУУнун Конфуций институтунун директору кызматынан кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Үмүт Култаева адистерден түзүлгөн эксперттик топту жетектеп, Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүндө улуттар аралык кастыкка чакырык болгон эмес деген тыянак чыгарып берүүсү менен кызматтан кетүүсүн байланыштырды. Кесиптешиңиздерди УКМК адистик ишин аткаргандыгы үчүн суракка чакырганы да белгилүү болду. Мына ушундай кырдаалда Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөзүн улуттар аралык кастыкты козуткан эмес деп тапкан тажрыйбалуу кесиптешиңиздерди колдойсуздарбы же каршы пикирдесиздерби? Бул жерде кеп Бабановдо эмес, маселе кыргыз тилине, филолог, доктор-профессорлорго келип такалды. Акыркы убакта белгисиз филолог-эксперттердин жүргүзгөн филологиялык экспертизасынан улам коомчулукта тилчилерге нааразычылык бар. Бирок, караңгыда жанган шамдай болуп Үмүт Култаева жетектеген эксперттик топ филологдун бардыгы эле УКМК айткандай тыянак чыгарып бере бербестигин көргөздү. Сиздер лекцияңыздарда адилет, абийирдүү, калыс болууга окуттуңуздар эле. Бүгүн мен сиздерди келечектеги муунга, студенттерге конкреттүү мисал боюнча жол көрсөтүүгө, үлгү болууга чакырам. Сиздерден мен гана эмес жалпы коомчулук жооп күтүп жатат деп ишенем.
Терең урматым менен, 

Сиздерден таалим алган бир кездеги студентиңер, азыркы журналист

Марат Тагаев

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: