Парламенттик жарышта миңдеген элге куру убадаларды берген «Республика – Ата Журт» партиясы көңүл сүйүнтүп, чеке жылыта турган иштерди жасай алган жок. Лидери качып кеткенден кийин ого бетер ыргылжың тартып, алардын бар же жок экени билинбей калды. Айтсак, 18-январь күнү болгон парламент иш жыйынына «Республика – Ата Журт» фракциясынан бир дагы депутат келген жок. Бул эмне деген шалаакылык? Эл буларды иштейт деп ишеним артып шайлаган. Эгер эч кимисинин депутат катары жыйынга катышкысы келбесе анда баары Өмүрбек Бабановдун артынан «оптом» чет өлкөгө кетишпейби?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ