Menu

Ит адаттуу Жириновский “иригенде”

Бөлүшүү:

Ооба, мамлекеттер аралык маселеде өтө кылдат болушубуз керек. Бирок, бүтүндөй мамлекетке, анын элине башка мамлекеттин бийлигинин бийик бутагында олтургандар сөз тийгизсе, ар нерсени дөөрүй берсе эмне кылуу керек? Билесиздер, орустардын Владимир Жири­новский деген аңги-дүңгү саясатчысы бар эмеспи. Ар нерсени дөөрүй бергенинен Кыргызстанга кирүүгө ага тыюу салынганы бар. Ичинде ириген кеги калганбы айтор ошол айтыптыр, Кыргызстандын Ысык-Көлүн бизге 99 жылга арендага берип карызын төлөсүн деп. Сүйлөйт деп эле, оозуна келгенди сүйлөй береби? Мындайларды кыргыздар: «Ириген ооздон чириген сөз чыгат» деп таамай айтып койчу эле… Мамлекеттик ар-намыс, улут коопсуздугу деген нерселерди эске алганда жиниккен Жириновскийге карата чара көрүлбөсө дагы канчага чейин дөөрүй берет? Ааламдын тынчтыгын бузуп, ар кандай кырдаалдарга түрткөн кырдаалдар так ушундай айлампаш, акылсыздардын айынан чыгат эмеспи. Улуу орус эли даанышман элдерден деп келебиз. Жирикке окшогон тентектерин тескеп койсо жакшы болот эле…

Булак: Де-Факто 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: