Menu

Өмүрбек Бабанов “саясый өлүккө” айландыбы?

Бөлүшүү:

«Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деп былтыр шайлоочуларына дем берген Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш иши козголоору менен качып кеткен эле. Жаңы жылдын алдында саясаттан биротоло кетерин, мындан ары бизнес менен гана алектенерин шардана кылган Бабанов депутаттык мандатынан ажырады. Мындай чечимди БШК 19-январда жазган арызынын негизинде кабыл алды. Шайлоо алдында күзгүдөн өзүн караса «башка» көрүнгөн экен, өзүн арстан сезип алган Өмкө акыры бармагын тиштеди…

Өмүрбек Токтогуловичтин бул кадамы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. «Бабанов таза саясатчы, чыныгы лидер болгондо өзүнө карата козголгон кыл­мыш ишинен коркпой, сот алдында жооп бермек. 600 миң адамдын добушун сыйлап, камалса дагы түрмөдө татыктуу отурушу керек эле», – дегендер мындан көп.

Кандай болгон күндө да, Өмүрбек Бабанов саясаттан кетти. Убактылуу кеттиби же биротоло «ушел» болдубу, аны убакыт көрсөтөт. Би­рок, бир нерсени ачык айтканыбыз оң. Бабанов ушул жүрүшү менен өзүнүн «коен жүрөктүгүн», арты таза эместигин ырастап, «саясый өлүккө» айланганын ашкереледи. Саясаттан жолу болбогон неменин бизнестен деле ийгилик күтпөшү турган иш. Себеби, ал «таман акы, маңдай тери менен» байыган адам катары эмес, мурдагы ханзаадалардын тилин таап, даяр бизнести тартып алган «баскынчы» катары элге көрүнүп калган. Ал эми бөтөн эл, бөтөн жерде ага эле ким даяр ашын тарттырып жиберсин?

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: