Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын ЖЭБине шашылыш түрдө барды жана жылынуучу жана ысык тамактандыруу пункттарын уюштуруу тапшырмасын берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-январда, жылуулук менен камсыздоо жана авариянын себептерин: «Бишкек жылуулук тармагы» ААК эски буу казан агрегат жабдууларынын иштен чыгуусун иликтөө боюнча абал менен жеке таанышуу үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине шашылыш түрдө барды.

Станция сменасынын башчысы Сергей Кокойко жылуулук менен камсыздоо боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, азыркы тапта 6 буу казан агрегаты: бешөө эски станцияда жана бирөө жаңы блокто иштеп жатат. Бардыгы болуп 13 жумушчу тегирмен, саатына 12 миң метр куб колдонгон 6 газ горелкасы ишке киргизилген. Жалпы жүктөмү 215 мегаваттык 4 генератор иштөөдө. Шаардагы ысык суунун колдонуу көлөмү –саатына 17 миң сегиз жүз кубометрди, ал эми анын температурасы Цельсия боюнча 50 градусту түзөт.

«Бишкек ЖЭБде химиялык тузсуздандырылган суунун насостору боюнча ревизия иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта эки насос боюнча ревизия бүтүп, аларды пайдалануу режиминде тестирлөө иши жүрүп жатат. Кийинки 3-4 саат ичинде казандарды суу менен толтуруу иши жүргүзүлөт», – деп билдирди «Бишкек жылуулук тармагы» ААК башкы директору Узак Кыдырбаев.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК төрагасы Айбек Калиев маалымдагандай, бузулуу эски насостук агрегаттан пайда болгон. Жаңы кытай жабдуусунун жардамы менен бүтүндөй ЖЭБдин токтоп калышын болтурбоого мүмкүндүк түзүлгөн. Жаңыланган жабдуулар штаттык режимде иштеп, чон авариянын алдын алган.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Канатбек Муратбековго тез аранын ичинде ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеп чыгууну тапшырды.

«Кыштын ызгаар күндөрүндө ЖЭБдин ишинин токтошуна күнөөлүү жактар жазасын алышы керек”, – деп билдирди Өкмөт башчы Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр Бишкек шаарынын жана борбордун тегерегиндеги райондордун муктаж болгон тургундарын жылуу жууркандар менен камсыздап, ыкчам тартипте жылынуучу жана ысык тамактандыруу пункттарын уюштуруу тапшырмасын берди.

Сапар Исаков тиешелүү каражат бөлүп берди.

Эскерте кетсек, бүгүн Өкмөт башчынын тапшырмасы менен Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлүп, анын курамына бардык тийиштүү органдардын жетекчилери кирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: