Бүгүн, 28-январда Түркияда аяктап жаткан Эл аралык East Mediterranean International Tourism and Travel Exhibition(EMITT) 22-туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын жарнама тактасы “Нукуралык” номинациясы боюнча сыйлыкты жеңип алды. Бул тууралу Туризм департаментинин өкүлү Улук Аданбаев билдирди.
Көргөзмөдө Кыргызстандан барган 8 туристтик фирманын өкүлдөрү кыргыздын нукура боз үйүн тигип, улуттук кийим кийген кыздарыбыз комуз чертип, келген конокторго кымыз жана боорсоктордун даамын таттырып турушту жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалашты.
Көргөзмөгө катышкан 8 кыргызстандык туристтик фирманын бул долбоорун Америкалык USAID агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү каржылады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ