Быйылдан тарта чыгармачылыктын чоң агымына аралашууга аттанган ырчы Манас Назаркулов репертуарын апаларга арналган ыр менен толуктады. Кошумчалай кетсек ырчы мырзанын элге жарыяланган «Сенин сүйүүң бузулган», «Ишенбейм» аттуу чыгармалары аздыр көптүр калктын калың катмарына жеткен. «Апаларга арналган бул ыр да угармандарын жүрөгүнөн түнөк табаарына үмүт кылабыз» – деп билдирди ырчынын продюсери Курманбек Ниязбеков.
Маалым болгондой ырчы Манас Назаркулов менен продюсер Курманбек Ниязбеков жаңы жылдын алгачкы күндөрүнөн баштап шоу бизнесте чогу иштешүүгө макулдашышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ