Menu

Видео – “Шайлоочулар көтөрүлүшүндө” кармалган демонстранттардын саны 250дөн ашты

Бөлүшүү:

Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө кеминде 257 адам кармалды. Бул тууралуу жекшембидеги бүткүл орусиялык каршылык акциясына байкоо салган “ОВД-Инфо” медиа-долбоору кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, Чебоксары шаарында 50, Уфада 45, Кемероводо 31, Москвада 16 киши кармалган. Мындан тышкары кармоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган.

Навальный камалууга чейин. Москва, 28-январь

Навальный камалууга чейин. Москва, 28-январь

Орусиянын баш калаасында полиция кармап кеткен демонстранттардын арасында Алексей Навальный да бар.

“Мен кармалдым. Бул маанилүү эмес. Тверская көчөсүнө келгиле. Силер мен үчүн эмес, өзүңөр жана өзүңөрдүн келечегиңер үчүн чыгып жатасыңар”, – деп жазды Навальный Твиттердеги барагына.

Жекшембиде нааразылык акциясына чыккандар “Шайлоону бойкоттогула”, “Путинсиз Орусия” деп кыйкырып жатышты. 26-январда Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоо алдындагы митингдерде мыйзам бузгандарга катаал чара көрүлөт деп эскерткен.

Посмотреть изображение в Твиттере

“Шайлоочуулар көтөрүлүшү” акциясынын катышуучулары; Москва, 28-январь

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: