Menu

Премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында муктаж шаардыктарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттары уюштурулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында 3000 жакын көмөккө муктаж шаардыктарды кабыл алуучу жана жайгаштыруучу пункттар уюштурулду.

Аталган категориядагы жарандарга транспорт аркылуу жеткирүү, ысык чай жана тамак аш берүү, ошондой эле түнөөчү жай менен камсыздоо уюштурулат. Кабыл алуучу пункттар төмөнкү даректерде жайгаштырылган:

Бишкек шаарынын Свердлов районунда:

– «Ардагер» геронтологиялык борбору, Күрөңкеев көчөсү, 89 «а». Директору: Абдиева Марипа Төлөмүшовна, телефондор (0-312) 37 63 01, (0-551) 51 28 48.

– № 23-орто мектеби, Жибек-Жолу проспектиси, 287 («Чыгыш автобекети» Директору: Ситоленко Андрей Владимирович, телефондору (0-312) 48 20 48, 48 20 30, (0-772) 27 77 21.

– Мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын шаардык борбору, Великолукская көчөсү, 29 “а”. Директору: Аманкулова Гульнара Абзатовна. Телефондору (0-312) 67 93 83, (0-550) 16 65 60.

Бишкек шаарынын Ленин районунда:

– “Жал-29” микрорайонунда жайгашкан №95 орто мектеби. Директору Акмашаева Анара Радбековна, телефону (0-552) 90 86 73.

Бишкек шаарынын Биринчимай районунда:

– Баялинов көчөсүндөгү №75-орто мектеби. Директору: Абдуазизов Данияр Валитович. Телефондору (0-312) 32 01 17, 32 01 18, (0-554) 40 44 85.

– Бишкек шаарынын Балтагулов көчөсүндөгү №1-социалдык жатаканасы. Директору: Петрушевский Алексей Владимирович. Телефону (0-553) 93 04 70.

Транспорт маселеси боюнча координатор Бейшенбаев Улан Бекежанович. Телефон (0-553) 01 37 72.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: