Menu

Фото – Бишкек шаардык ЖЭБдеги түзүлгөн көйгөйлөрдү ыкчам штаб жоюуда

Бөлүшүү:

27-январь күнү,  Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону кыска мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб мүчөлөрүнүн басма сөз жыйыны болуп өттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда, саат 18-00 дө Бишкек шаарынын ЖЭБинде суу менен камсыз кылуучу агрегат убактылуу иштен чыкканына байланыштуу, ЖЭБдин жылуулук менен камсыз кылуу кубаттуулугу төмөндөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун айтымында, ЖЭБде түзүлгөн кемчиликтерге байланыштуу, ысык суунун жана жылуулуктун температурасы убактылуу нормадан төмөн. Азыркы маалда ЖЭБде түзүлгөн бардык көйгөйлөр чечилүүдө. Жакынкы 6-8 сааттын ичинде баардык учурдагы көйгөйлөр жок кылынып, ЖЭБ өз нугунда иштеп баштайт.

«Ушул себепке байланыштуу биз шаардын баардык тургундарына кайрылып, түзүлгөн абалды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо, күч талап кылган үй тиричилик техникасын колдонуудан убактылуу баш тартууну өтүнөбүз», – дейт ал.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев белгилегендей, былтырки жылы Бишкек шаардык ЖЭБде ишке киргизилген жаңы агрегаттардын эсебинен чон системалык кырсыктын алдын алдык.

«Түзүлгөн жагдайда жаңы агрегаттар 150 МВт чейин жакшы тирөөч болуп берди. Жүгүртүлгөн суунун ылдыйлашына байланыштуу тармактуу суунун температурасы +84 градустан +62 ге чейин төмөндөгөн. Кечээтен тарта саат 18:00дөн баштап азыркы тапка чейин Бишкек шаарынын ЖЭБинин адистери жеринде иштеп, бардык тийиштүү күчтөр тартылып жана кемчиликтерди жок кылууга бардык каражаттар жумшалып жатат. Азыркы учурда Бишкек шаарынын ЖЭБинин жүктөмү 217 МВт түзүүдө. Эч кандай чектөө жок, республика толугу менен электр энергиясы менен камсыз кылынууда», – деп билдирди Айбек Калиев.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп жатканын, башка маселелердин жоктугун билдирди.

«Биз бардык ооруканаларды текшерип чыктык. Кечки саат алтыда бардык ооруканалардын жана поликлиникалардын батареялары жылуу болуп калды, бөлмөлөрдүн температурасы +18 +20 градусту түзуп жатат. Биздин бардык ооруканалар, төрөт үйлөрү жана башка медициналык мекемелер жылуулук алып, штаттык режимде иштеп жатышат. Министрликте штаб түзүлгөн, анын кызматкерлери ар бир саат сайын ооруканаларды текшерип жана жарандардын кайрылууларына жооп кылып жатышат», – деп белгиледи Талантбек Батыралиев.

Бишкек шаарынын ЖЭБ башчысы Нурлан Өмүркулов адистер бүгүн кечке дейре бардык кемчиликтерди жоюуга аракеттенип жатканын маалымдады.

«Бишкек жылуулук тармагы» ААК башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары Михаил Курганов бүгүнкү күндө жылуулук системалары штаттык режимде иштеп, гидравликалык режим салмакты көтөрүп жатканын белгиледи.

«Жылуулук режим боюнча бузулуулар жүрүп жатат, бирок бүтүндөй жамаат кечеки күндөн баштап иште жана шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун сактап калуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Түзүлгөн абалды эске алуу менен жылдын аягында абоненттер үчүн жылуулука болгон төлөмдү кайрадан эсептеп чыгуу жүргүзүлөт», – деп маалымдады Михаил Курганов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: