Өзүнүн да убактысын коротуп, башкаларды да алаксытып, айтор жашоонун ыргагын бузуп аткандар арбыды. Дегеним, коомдун өзгөрүшү менен интернет тармагына олтуруп адып оозу менен орок оргондор нервди жеп жиберишет. Маанилүү маселе менен баш оорутуп жатышкансып кандай маселе болбосун пикирин билдиришет. Болбосо, ал пикир үчүн аракет деле көрбөйт. Маселен жаңы жыл алдында борбордогу ири соода түйүнүндө мода көргөзмөсү болуп, айда бир орус кызы итке калпак кийгизип чыгып кыргыздын кыжырына тийген. Бул боюнча миңдеген жарандарыбыз ашата сөгүп, соцтармактарга ойлорун жазышкан. Иш жүзүндө нааразычылык билдиребиз деп атайын убакыт белгилешип, филармониянын алдында чогулуш кылмакчы болушкан эле. Жыйынтыгында нааразычылык билдирүүгө болгону 4-5 киши келиптир. Бул боюнча ошол жерге барган журналист Зулпукаар Сапанов нааразы болуп жүрөт. Ооз менен орок оргонду токтотпойлубу! Же улуттук баалуулукту, ар-намысты куру сөз менен эле коргоп олтура бересиңерби?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ