Россиянин Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери Владимир Жириновскийдин Кыргызстан тууралуу айтканы – саясый шоу, аны олуттуу кабыл алууга негиз жок. Мындай пикирин коомдук ишмер Жыпар Жекшеев орус тилдүү маалымат каражаттарынын бири аркылуу билдирди.
Анын айтымында, россиялык бул саясатчы көп жылдан бери белгилүү бир образды жаратып келет. «Жириновский негизи башынан эле саясатта ушундай роль жаратып келет. Ал оюна келгенди оттой берип, анын сөзүн эч ким олуттуу
кабыл албай калган. Аны өзү да билет. Ошентсе да, ал көптөн бери ушундай ролду мыкты аткарып келгенин белгилеп кетсек болот. Жириновскийди акмак адам деген туура эмес, ал абдан акылдуу киши жана ушундай образды мыкты жаратып келгенин өзү да билет. Өзүн абдан эмоциялуу көрсөтүп, чуулгандуу билдирүүлөрүн улантууда. Азыр болсо ага эч ким деле көңүл бурбай калган», – дейт ал.
Ж.Жекшеев кыргызстандыктарды бул билдирүүгө көңүл бурбоого чакырды. «Кыргызстандын элин россиялык бул саясатчынын сөзүнө көңүл бурбоого чакырам. Анын айткандарын жөн гана кулактын сыртында калтырып койгон туура. Жириновскийдин бул айткандары Россияда өтө турган президенттик шайлоонун астындагы кезектеги шоу», – дейт Жекшеев.
Аман Иманалиев
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ