Menu

Майке-турсийге жетип майдаланган милийсалар

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Улан Исраилов кызматынан кетет дегенден бери ал жерде так талашуу күч алды. Ага кошумча айдын аягындагы коллегияга жакын бирин-бири шыбамай, көө жапмай башталды. Учурда Бишкек ШИИББнин орунбасарынын кызматы, Чүй ОИИББнин башчысынын орду жана министрдин орунбасары Данияр Абдыкаровдун орду, Исраиловдун кызмат ордуна баргысы келген топтордун тирешүүсү апогейине жетти. Мончодо артын жышытканынан бери айта башташты. Эми кайсыл кыз-келиндер менен ойногондоруна чейин жарыялашат окшоп калды. Бул деген жигитче таймашуу эмес, чыныгы менттерче таймаш болуп калды. Катын таймаш деп эле ачык айталычы уялбай. «Милийсадан дос күтпө, сатат» дегендей, анан «адамды милийса кылсаң болот, бирок милийсаны адам кыла албайсың» дегенди, тилекке каршы азыркы полковниктер тастыктап жатышат, «бир карын майды бир кумалак чиритет» болушуп. Мурдагы генерал, полковниктерди карагылачы, (Кутуев баштаган, Турганбаев, Жусубалиев, Жунушалиев жана башкалар) алар майдаланып мончого түшкөндөрүн, кыздарга баргандарын жазышкан эмес. Алар тирешсе кызматтагы мыйзамсыз иштери тууралуу жазышкан. Мына булар чыныгы милициялар деп билсек болот. Учурда булардын этика-эстетикасын, ички тартиптерин карап баш-көз болгон карылары жокпу? Ардагерлер уюму бар эле, бир деме десең эле баса калган. Ошол кишилер майке-турсийге жетип майдаланган эргулдарды тартипке чакырып коюшса болбойбу эмне? Же алар деле кайдыгерби? Журналисттер ойлорунан чыгарбайт да, милийсалар өздөрү ушак айтышпаса…

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: