Menu

Прокуратура: КВН команда капитанынын ишинде “жашыруун” деген мөөр жок

Бөлүшүү:

Согди облусунун прокурору Хабибулло Вохидов көз карандысыз журналист жана тажик  шайырлар жана тапкычтар клубунун лидери Хайрулло Мирсаидовдун кылмыш ишинде “жашыруун” деген гриф жок экенин, бирок тергөө аяктаганга чейин маалымат берилбей турганын айтты.

«Мирсаидов күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин убакыт көрсөтөт. Биз тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу сиздерге сөзсүз маалымат беребиз», -деди Вохидов.

Хайрулло Мирсаидовдун 17 жылдан ашуун журналисттик тажрыйбасы бар. «Deutsche Welle», Asia-Plus жана башка маалымат каражаттарында адам укуктары, экология жана улуттук азчылыктардын талылуу маселелерин чагылдырып, саясий баяндамачы болуп эмгектенген. Ал былтыр декабрда кармалган. Ага чейин Фейсбукка жергиликтүү бийлик өкүлү КВН үчүн бөлүнгөн каражаттан “үлүш” сурап жатканын жазган.

Согди облустук прокуратурасы Мирсаидовго карата «Ишенип берилген акчаны коротуу же өзүнө алуу», «Расалык, жердештик жана диний кастыкты козутуу», «Документтерди, мөөр, штамптарды жасалмалоо» жана «Жалган билдирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мирсаидовдун атасы Хабибулло Мирсаидов “Азаттыктын” тажик кызматына курган маегинде кылмыш иштин материалдарында КВН командасы “улуттун ар-намысына шек келтирген” деп жазылып жүргөнүн “Азаттыктын” тажик кызматына телефон аркылуу айтып берген.

“Хьюман Райтс Уотч” жана Хельсинки комитети, Amnesty International уюму Тажикстанда камалган эркин журналист жана тажиктердин таанымал КВН командасынын капитаны Хайрулло Мирсаидовдун кармалышына тынчсыздануу билдиришип, тажик бийлигин аны бошотууга үндөшөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: