Menu

УКМК Бабановдун сөзүн талдаган адистерди суракка алды

Бөлүшүү:

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу үгүт маалында Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылганы маалым болду. Топтун бир мүчөсү иштеп жаткан жумушунан алынды.

Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болгон кезинде Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда сүйлөгөнүн талдаш үчүн адистер тобу 2017-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн. Бабановдун тарапкерлеринин сунушу менен илимий ишмерлерден түзүлгөн топтун курамында беш киши бар. Адистер тобунун башына Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун директору, доктор Үмүт Култаева шайланган.

Култаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жумушчу топ лингвистикалык, политологиялык, социологиялык жана юридикалык экспертиза жүргүзүп, Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөздөрүндө “улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес” деген тыянакка келишкен. Андан көп өтпөй эле Кыргыз улуттук университетиндеги кызматынан бошотулушун Үмүт Култаева адистер тобундагы ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатат.

– 25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу адистер тобунда болгонумду кызыгып сурап, бул мамлекеттик саясатка каршы келерин айтты. Мен өз кезегинде мамлекетке каршы эч кандай иш кылбаганымды, бул топто өз пикиримди билдиргенимди айттым. Бирок ректор сүйлөшүүдөн кийин менин эмгек келишимимди узартуу кыйын болуп калганын билдирди. 8-январда мени канцелярияга чакырып, жумуштан бошотуу тууралуу буйрукту көрсөтүштү.

Ал арада сөз болуп жаткан жумушчу топтун мүчөлөрү экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу УКМКга чакырылып жатканы маалым болду.

Улуттук коопсуздук комитети адистер тобунун айтканын төгүндөгөн да, тастыктаган да жок. УКМК окуя боюнча “Азаттыкка” расмий комментарий бере элек.

Президенттикке талапкер кезинде Өмүрбек Бабанов өзбек улутундагы жарандар жыш жашаган Он-Адыр айылында шайлоочулар менен жолугушуп жатып, “тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн артык”, “эч кимден коркпогула” деген өңдүү сөздөрдү айткан.

Башкы прокуратура 4-ноябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (“Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу”), 299-берененин биринчи бөлүгү (“Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу”) боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы “монтаждалган жалган жалаа” деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: