Menu

Видео – Өзбекстанда тергөөчүнүн кыйноосунан кийин 23 жаштагы жаран өз жанын кыюуга аракет кылды

Бөлүшүү:

22-январда милиция бөлүмүндөгү беш саатка созулган сурактан кийин Анжияндын 23 жаштагы тургуну Абдурахим Саттаров өз жанын кыюуга аракет кылган.

Туугандарынын айтымында, дарыгерлер 22-январь түнчүндө Абдурахимдин 100 таблетка Димедрол жана 10 таблетка Энам дарысын ичип алганын аныкташкан. Чакыруу менен барган тез жардам кызматынын өкүлдөрү анын өмүрүн сактап кала алышкан, бирок ал дале алсырап, эч кимди тааныбай жатат.

Абдурахимдин агасы Абдурашиддин айтымында, иниси милициядагы сурак маалында тергөөчү Гайратбек Исмановдун «катуу психикалык басымына кабылгандан кийин» өз жанын кыюуга аракет кылган.

Бирок Анжиян шаардык ички иштер бөлүмүнөн Абдурахим Саттаровдун туугандарынын айыптоолорун четке кагышты.

“Бизде басым жасоого мыйзам менен тыюу салынган. Ал жигитке эч ким психологиялык басым жасаган эмес. Ал деген адам укуктарын бузуу да. Бул тууралуу биздин президент да айтып жатпайбы. Биз эч кимдин укугун бузган жокпуз”, – деди мекеменин тергөөчүсү Гайратбек Исманов.

Туугандарынын айтымында, Абдурахим Саттаров былтыр май айында үйлөнгөн. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ал таанышынан 700 доллар, андан соң 11 миллион сум карызга алган.

Абдурахим Саттаров президенттин атына жазып калтырып кеткен катында 22-январда ага тергөөчү Гайратбек Исманов чалып, ал алдамчылыкка айыпталып жатканын жана тергөө иштери башталганын билдиргендигин жазган.

Анжиян облустук прокуратурасы 23 жаштагы Абдурахим Саттаровду өз жанын кыюуга чейин жеткирүү фактысы боюнча тергөө ищтерин баштады.

https://www.youtube.com/watch?v=cymwuFVSzYM&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: