“Укмуштуунун төөсү жорго” деген сөз дал ушул ЖК депутаты, ошол жактагы олчойгон комитетти жетектеп жаткан атактуу “жегич” Искак Пирматов деген немени бийлик такыр эле “пир” тутуп алгандай сезилет. Бул шумпай, “зыянкечтин” кулкунуна башкасын айтпаганда да “Кыргызнефтегаздын ” 258 миллион сом курулдап кирип кеткен. Ошол боюнча кылмыш козголуп, мурунку чакырылыштын депутаттары Пирматовду “пир” тутуп, кылмыш жазасынан аман-эсен сактап калышкан. Ошондон бери мамлекетти сүлүк куруттай соргон бул неме улам жылдызы жанып, бийликтин бийик тепкичтерине улам көтөрүлүп жатат. Мына бизде ичип-жесең, бийликке жагасың да, чартаңбай тебесиң.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ