Menu

Депутат А.Назаров: “Өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүдө республикалык бюджетке күч келтирбей чечүү жагын караштырышы керек”

Бөлүшүү:

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров жогорудагыдай пикирин комитеттин бүгүнкү, 29-январдагы жыйынында билдирди.

Аталган комитеттин күн тартибине Кыргыз Республикасында 2018-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшү коюлган.

Талкуу жүрүшүндө А.Назаров жазгы талаачылык иштерине болгон даярдыктардын эртелеп каралышы дыйкандарга жардам болот деп, аткаруу бийлигинин тиешелүү кызмат адамдарынан бир катар маселелерди тактады. Каржы министрлигине кайрылган комитет төрагасы дыйкандарга жеңилдетилген насыяны эртелеп берип баштоого чакырды. “Жеңилдетилген насыя берүүдө КР Өкмөтү республикалык бюджетке күч келтирбей чечүү жагын караштырса. Маселен, эл аралык донорлордон 150 млн доллар насыя алып, коммерциялык банктарга 3-4% менен өткөрүп берсек. Алар өздөрүнүн кредитин өздөрү жаап, бул насыяны жеңилдетилген тартипте 10% чейин каржылаганга мүмкүнчүлүк болот”,- дейт ал.

Ошону менен катар кооперативдерди өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн ишин угуп, дыйкандарга жеткирүү зарылдыгын белгилеп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борбор, сатып өткөрүү жаатында дыйкандарга көмөк көрсөтүү маселелерин жандандырууну тармактык министрликке багыттады.

Мындан сырткары, комитет төрагасы Айтмамат Назаров химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатында бир топ такталуучу, бул тармакка көмөк көрсөтүлүшү керек болгон маселелер бар экендиги белгиленип, ал өзүнчө кароону сунуш кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: