Атаңгөрү, биздин президенттер ушундай билдирүү таратса кана. Анда Акаев да, Бакиев да эчак атылып кетиши толук мүмкүн эле. Алар диктатор болуп кетерин билип туруп мындай кептерди айтуудан алыс болушкан. Ал тургай Бакиев биздеги өлүм жазасын жойдуруп жиберген эмеспи. Филиппиндин президенти Родриге Дутерте эгер ал конституцияны бузуп, бийликте белгиленген мөөнөттөн көп калууга ниеттенсе атып салууну аскерлерге буюрганы маалым болду. Бул тууралуу Лента жазып чыкты. Ал: “Мен тамашалаган жокмун. Диктаторлукка аракет кылсам, кийинки мөөнөткө барууга кадам таштасам, кыскасы бийликте бир күн ашык олтурсам анда мени аскерлер атып салышсын. Бул менин буйругум!” – деди. Президенттин мындай сөзү азыр кызуу талкууга алынып, дүйнө коомчулугунун назарын буруп турат. 2 жыл мурун президент болуп шайланган Родриге мырза Баш мыйзам боюнча 2022-жылга чейин Филиппинди башкарат. Бул өлкөдө баңгизат соодасы, мафиясы абдан күчөгөн. Дутерте бийликке келгенден бери баңгизатын сатууга катыштыгы бар болгон 2,4 миң киши жок кылынгандыгы менен катуу сынга алынган.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ