Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Мамлекет башчысы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин иш чараларына катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти 2017-жылдын декабрь айында Өзбекстан Республикасына жана Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарларынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тышкы иштер ведомствосу тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалыматты укту.
Министр ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Тажикстан Республикасына расмий сапарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымдады.
Мамлекет башчысы тышкы иштер министрине алдыдагы тышкы саясый иш чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырма берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ