Menu

Грузия 2018-жылдан тарта Орусиядан газ сатып албайт

Бөлүшүү:

Быйылтан тарта Грузия Орусиядан газ сатып албайт, анткени өлкөнүн көгүлтүр отунга болгон бардык муктаждыгын Азербайжан жабууда. Бул тууралуу Грузиянын экономика министринин орун басары Георгий Чиковани билдирди.

Мурдараак грузин оппозициясы өз аймагы аркылуу Арменияга газ өткөргөндүгү үчүн Грузияга төлөнчү каражатты «монетизациялоо» макулдашылгандыктан, өкмөт «Газпром» компаниясынан газ сатып ала алабай турганын билдирген. Бирок аткаминер бул айыптоолорду четке какты.

“Орусиянын газын сатып алууга бизде акча жетпей жатат деп айтууга болбойт. Кандай болгондо да транзит үчүн бизге төлөнчү каражат кыйла көп. Болгону учурда азербайжан газы жетиштүү болуп жаткандыктан, Грузияга Орусия газы керек эмес», – деди министрдин орун басары.

«Газпром» менен грузин өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, өткөн жылы өз аймагы аркылуу Арменияга газ өткөргөндүгү үчүн Грузияга төлөм жарым-жартылай акча менен, жарым-жартылай сырье менен жүргүзүлгөн. 2018-жылдан тарта төлөм акча менен гана ишке ашырылат. Буга чейин Орусия газынын транзити үчүн Грузия өз аймагы аркылуу өткөн газдын жалпы көлөмүнүн 10 пайызын алып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: