Menu

Тажикстан президенти Сада майрамынын алдында калкты сарамжалдуулукка үндөдү

Бөлүшүү:

Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон Сада майрамына карата өлкө калкын теле аркылуу куттуктап, сарамжалдуулукка чакырды. Илгертеден бери арийлерде Сада Нооруз майрамына элүү күн калганда – 30-январда белгиленип келет.

Рахмондун куттуктоосу 29-январь күнү кечинде өлкөнүн бардык телеканалдары аркылуу көрсөтүлдү.

Тажик лидери өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин Сада экинчи өмүргө ээ болуп, салттуу түрдө жыл сайын белгиленип жатканын айтты.

Ошол эле маалда Эмомали Рахмон өлкө жарандарын “Салт-санаа, той жана жөрөлгөлөрдү жөнгө салуу” мыйзамын сактоого чакырды. “Калктын санынын көбөйүшү менен тамак-ашка болгон суроо-талап жогорулоодо. Мындан тышкары дүйнөлүк рынокто дагы баалар өстү. Мунун барын эске алуу менен үндөмдүү жана сарамжалдуу болуу керек”, – деди Тажикстан президенти.

Адатта Сада майрамы шаан-шөкөт менен белгиленип, салтанат учурунда ортого от жагылып келген. От канчалык алоолонуп күйсө түшүм мол болот деген ынаным болгон.

Сада 2017-жылы Тажикстандын улуттук майрамдарынын тизмесине киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: