Menu

Ашхабадда прокси сервер колдонгондордун интернети өчүрүлүүдө

Бөлүшүү:

Ашхабаддыктар өлкөдө тыюу салынган сайттарга кирүү үчүн прокси серверлерди колдонуу аракети учурунда интернет өчүп калып жатканын билдиришүүдө.

“Өткөн аптада 23үнөн 24-январга оогон түнү Ашхабад шаардык телефон түйүнү тарабынан берилген интернетте маселе жаралды. Кызматкерлер профилактикалык иштер жүрүп жатканын билдиришкен. Бирок кийинки күнү өлкөдө тыюу салынган Фейсбук, Инстаграм сыяктуу социалдык түйүндөргө кирүүгө аракет жасаган маалда интернет өчүп калып жатты”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы.

Анын айтымында, техникалык колдоо көрсөтүү борборунан “эгер прокси колдонсоңуз, интернетти толугу менен өчүрөбүз” деген жоопторду беришүүдө.

Түркмөнстан учурда калкты маалыматтан чектеген дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп эептелет. Көз карандысыз маалымат булактары, анын ичинде Facebook, Twitter, VKontakte социалдык медиасына тыюу салынган.

Буга байланыштуу тургундар прокси серверлерди колдонууга аракет жасашат.

Түркмөн бийлиги сайттарга чектөө жок экенин, болгону “порнографиялык мүнөздөгү” интернет ресурстарга тыюу салынганын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: