Menu

АКШ Орусияга жаңы санкция киргизбейт

Бөлүшүү:

Акүй “Американын каршылаштарына санкциялардын жардамы менен каршылык көрсөтүү” мыйзамына ылайык, жакын арада Орусияга жаңы санцияларды киргизүүгө негиз жок деп эсептейт.

Бул тууралуу дүйшөмбүдө Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдирди. Кийинки санкция орус фирмалары менен кызматташкан компанияларга жана мамлекеттерге салынышы ыктымал. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хезер Нойерттин айтымында, санциялардын айынан Орусия аскер-өндүрүш коплексинин продукцияларын экспорттоодон түшө турган миллиарддаган доллар кирешеден кур калды.

Дональд Трамптын администрациясынын чечими тууралуу мыйзам чыгаруучулар жашыруун өткөн брифинг учурунда билишти. Демократ – мыйзам чыгаруучу Эллиот Энгел Кремлди жазалоону каалабай жаткан Акүйдүн аракеттерине “тойгонун” билдирди. Бирок сенатор-демократ Бен Кардин орусиялык аскер-өндүрүш комплекси менен кызматташкандарга санкция киргизүүнү туура чечим деп атады.

Өткөн айда санкция киргизиле турган орусиялык жеке жана юридикалык жактардын “кара тизмеси” түзүлгөнү кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: