Menu

Транспорт министрлиги быйыл Балыкчы – Корумду жолунун курулушун улантууга 2 млрд сом каражат бөлүп берүүнү өтүнүүдө

Бөлүшүү:

Эгерде быйыл бюджеттен Балыкчы – Корумду жолунун курулушуна 1 млрд сом өлчөмүндө каражат карала турган болсо, анда жолдун курулушу дагы 4-5 жылга чейин создугуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, арзитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Министрдин айтымында, Балыкчы – Корумду жолунун узундугу 104 чакырым. Кытайдын «Лонг Хай» компаниясына 137 млн сом карыз болуп калгандыктан, жолдун курулушу токтоду. Чолпон-Ата шаарынын ички жолу курулбай турат. Жолдун Атмайдан – Корумду бөлүгүн куруу үчүн эле 600 млн сом керек. Премьер-министр Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганга чейин бүткөрүү тапшырмасын берди, а каражат тартыш. Ал эми жолду толук бүткөрүүгө 4,5 млрд сом каражат талап кылынат. Күн жылый баштаса, курулушту башташыбыз керек. Ал үчүн азырынча 2 млрд сомдон кем эмес каражат зарыл», – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: