Menu

Сокулук районунун Учкун жаңы конушунун тургундарынын Президентке кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизге Сокулук районунун Учкун жаңы конушунун тургундары кайрылып жатышат. Жаңы президент шайланып, жашообузду жаңыча жүргүзөбүз деген үмүтүбүз чоң эле. Бирок, биз ойлогондой болбой, үмүтүбүздү таш каап жатат.

Тилекке каршы, урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге бул маалыматты туура жеткирбей жатышат. Биз Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн 2003-жылкы чечими менен Учкун кичирайонунан 8 сотыхтан жер алып, мыйзамдуу документтердин баарын бүтүрүп, үй салып баштаган элек. Кээ бирибиз үйлөрүбүздү бүтүрүп да алганбыз. Ушул убакыттан 12 жыл өткөндөн кийин Сокулук райондук прокуратурасы атайын доо арыз менен Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматын жана Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн үстүнөн сотко кайрылып, тиешелүү кылмыш ишин козгоп, ал эми райондор аралык сот берилген 700 участоктун 85 участогун мыйзамсыз деп жокко чыгарып жатат. Сот мына үч жылдан бери уланып, биздин салып алган үйлөрүбүздү буздуруунун алдында турат. Биз жерди башкалардай басып алган жокпуз. Айыл өкмөтү тарабынан уруксат берген документтердин баарын алдык. Кээ бирлерибиз 15 миң доллардан ашык каражат коротуп үйүбүздү салып, ошол жакта жашап жатабыз. Эмне үчүн биз мыйзамдуу алган жерибизден айрылып калышыбыз керек? Эмне үчүн бизге берилген 700 участоктон 85ин гана жокко чыгарып, калгандарын калтырып жатат? Бул жерде бийик даражадагы кайсы чиновниктердин кызыкчылыгы бар? Эмне үчүн Сокулук районунун райондор аралык сотун курал катары пайдаланып, биздин үйлөрдү тартып алууга барып жатышат? Эми алар Чүй облустук сотунун судьяларын дагы курал катары пайдаланып, бизди көчөгө калтырганы жатышат.

Былтыр биз Чүй облусунун губернаторуна ушул иш боюнча барганыбызда, ал бул маселени чечип берүүгө убадасын берген эле. Шайлоо убагында да жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бул ишти козгобой токтоп калышкан. Эми шайлоо бүтөрү менен Чүй облусундагы өз кызыкчылыгы бар кээ бир чиновниктер биздин жерибизге кызыгып, прокуратура жана сот органдары аркылуу биздин мыйзамдуу алган жерибизди тартып алууга аракеттенип жатышат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргызстандын мыйзамдуу жана жаңы, жалпы эл тарабынан шайланган президенти катары биздин конституциялык укугубузду коргоп, Сокулук прокуратурасынын жана ал райондун кээ бир мамлекеттик органдардын жасап жаткан мыйзамсыз иштерин токтотуп, биздин жерге болгон укугубузду коргоп беришиңизди өтүнөбүз. Ушундай аракетиңиз менен элдин жаңы бийликке деген ишенимин эл арасында арттырасыз деген бекем ойдобуз.

Сизди терең урматтап, сыйлоо менен

Сокулук районунун Учкун жаңы конушунун тургундары: Алыбаева Нургул,

Жакшылыков Асылбек, Алымкулова Кызылгүл, Казакбаев Акыл

Байланыш телефондору: 0703259923, 0771861691

Дареги: Сокулук району, Ново-Павловка айыл өкмөтү, 17-кварта, участок 600

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: