Menu

Кеменгер кеп: Судьялар уурулук кылып жаткан учурда каракчылар талап-тоногонго укук алат

Бөлүшүү:

Сөз аз болгондо салмактуу болот.

Кимдир бирөөнүн сапатын баалаш үчүн өзүңдө ошол сапаттардын жок дегенде кичинекей бөлүгү болуш керек.

Ар бир акылсыздыктын өз логикасы бар.

Көп кишилер даанышмандыкка караганда келесоолукту жакшы көрүшөт, анткени, келесоолук күлдүрөт, даанышмандык болсо кейитет.

Жарадар болуп көрбөгөн киши жарадарды көрсө каткырып күлөт.

Ойлоруңду тилиңен, терең ойлонулбаган ойлоруңду ишке ашыруудан алыс карма.

Ажыдаар менен анын ачуусунун ортосунда турба.

Күнөөлүү киши дайыма шекчил болот.

“Душмандарымды өрттөйм” деп отту өтө эле улуу жакпа, өзүң өрттөнүп кетишиң мүмкүн.

Табигат эне даанышман, бирок, баласы келесоо болуп туулуп калган тура.

Кичинекей эле шамдын жарыгы канчалык алыска тарайт. Жакшылыктын жарыгы деле ошондой.

Еретик – бул отто күйүп жаткан киши эмес, отту жагып жаткан киши.

Өлүп бараткан алп канчалык кыйналса, тебеленип, жанчылган байкуш курт- кумурска деле ошондой эле кыйноо тартат.

Эгер ар бир адамды кылган күнөөсүнө жараша жазалачу болсо, анда таяк жебеген бир да киши калбайт.

Чирип бараткан лилия гүлү отоо чөпкө караганда да жасан жыттанат.

Биз экөөбүздүн жүрөгүбүздүн бир эле тагдыры бар – сенин жүрөгүң токтосо, меники да сокпой калат.

Сабыры жок кишилер кандай бечара!

Боорукер болуш үчүн мен ташбоор болушум керек.

Чыныгы дос гана досунун кемчилигин кечире алат.

Бийлик менен уят чырдашып турган учурда бийлик колго тийгени өтө коркунучтуу.

Ийгиликке жетүүнүн үч эрежеси бар: 1) башкаларга караганда көптү билүү, 2) башкаларга караганда көбүрөөк иштөө, 3) башкаларга караганда азыраак нерседен үмүт кылуу.

Жаман кабарды уккуң келбесе, ал сага угулбай эле келип калат.

Антын бузган кишиге эч качан ишенбе.

Эч нерсе менен булганбаган жүрөктү коркутуу кыйын.

Сүйүүнүн тили ажырашкан учурда дудук болуп калат.

Начар жазылган кыска ыр майланбаган дөңгөлөктүн кыйчылдаганына караганда да көбүрөөк кыжырга тиет.

Өзүңдү эң акыркы кылып сүй.

Достум Гораций, бу дүйнөдө даанышмандардын түшүнө да кирбеген көп нерселер бар.

Биз бар экенибизди билебиз, бирок, биз эмне болорубузду билбейбиз.

Бута канчалык мыкты болсо, мээлегенге ошончолук оңой болот.

Ыраазычылык – жардынын жападан жалгыз байлыгы.

Акмактардын келесоолугу дайыма азил-тамашага курчуткуч кайрак таш болуп берет.

Өтө жай жүргөн киши кандай кечиксе, өтө шашылган киши деле ошондой кечигет.

Бакытты кармаш үчүн чуркай билиш керек.

Арак-шарап каалоону күчөтөт, бирок аны ишке ашырууга жолтоо болот.

Сүйүү бар жерде эргүү бар.

Жеңүүчү жоготуусуз келсе – бул эки эсе жеңиш.

Капсалаңдуу жылдарда дайыма сокур келесоону ээрчип жүрөт.

Мактоо сөз ийинди ийип, желкени талытып жиберет.

Кубаныч жок кезде “келечекте кубанам” деп үмүт кылуунун өзү кубаныч.

Түн жарымга чейин төшөгүнө жатпаган киши эрте турган киши сыяктуу эле.

Судьялар уурулук кылып жаткан учурда каракчылар талап-тоногонго укук алат.

Ойлоруңардын сүйлөөсүнө жол бербегиле.

Досуңдун кеңеши – душмандарга каршы турууда эң мыкты таяныч.

Биз ар бирибиз бакпыз, багбан болсо – биздин эркибиз.

Күзгүнүн алдында туруп алып кылыктанбаган сулуу аял али төрөлө элек.

Шайтан менен дос болгон киши тозоктон коркпойт.

Ою жок сөздөр асманга жетпейт.

Унчукпоо – кубанычтын эң мыкты жарчысы.

 (Уильям Шекспир)

 Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: