Орусиянын президенти АКШ жарыялаган баяндаманы “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эле эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалады.
Бул тууралуу Путин ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугушуу маалында билдирди. Орусия лидери АКШнын “Кремль тизмесин” көрбөгөнүн, бирок өзүнүн ысымы ал жакта жок болгону үчүн “көңүлү ооруп” жатканын айтты.
Ошол эле маалда Москва буга каршы жооп берүүгө азырынча ашыкпай турганын билдирди.
“Биз кандайдыр бир кадамдарга барууга ашыкпайбыз, бирок окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турабыз”, – деди ал.
Путин Орусияны Иран жана Түндүк Корея менен бир катарга коюп, ошол эле маалда Корей жарым аралындагы курч кырдаалды жөнгө салуу үчүн Москваны ортомчу болууга чакыруу – “келесоолук” экенин билдирди.
Орусия лидери азыр деле Кошмо Штаттар менен мамилени жакшыртууга кызыктар экенин баса белгиледи.
Шейшембиде Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын аттары аталган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн “кара тизмедегилерге” каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ