Menu

Шейшенбек Байзаков, генерал-майор: “Кылмышкерлер азыр өтө эле тайраңдап кетишти”

Бөлүшүү:

Бул инсан кезегинде ИИМдин бир катар бөлүмдөрүн башкарып, ГУБОПту, Баткен ОИИББ жана мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектеген. Тажрыйбалуу инсан менен соңку кездери кылмыш дүйнөсүндөгү “авторитеттердин” катар-катары менен эркиндикке чыгып жатканы тууралуу азыноолак сөз кылдык.

— Шейшенбек мырза, соңку учурда соттор тарабынан оор жаза алышкандарына карабай “Женго”, “Дөө Чыңгыз” каймана атындагы уюшкан кылмыштуу топтордун анабашчыларынын милициянын ишине түкүргөндөй мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгып жатышкандарына кандай пикир айта аласыз?  

— Мен ИИМдин алдындагы ГУБОП кызматында 1996-2001-жылдары иштедим. Ал эми мамлекеттик жаза аткаруу кызматын 2010-2012-жылдары жетектедим. Сыртта болсо 2018-жыл. Андан бери арадан көп мезгилдер өттү. “Элүү жылда эл жаңырып, жүз жылда жер жаңырат” дешет го. Анын сыңарындай, 25 жылда муун деле алмашып, жаңырат да. Мен ГУБОПто иштеген 1996-жылдан бери 22 жыл өттү. Андагы жаңы төрөлгөн бала 22 жашка келип, эр жетти. Ал кантип чоңойгонун байкаш үчүн вундеркинд болуш керек… Сен мени түшүндүң окшойт… Эми азыр кылмышкерлердин мөөнөтүнөн мурда эркиндик алышына биздин сот системасы күнөөлүү. Бул жерде милиция же мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин күнөөлөгөн туура эмес. Эгемендүүлүктүн 25 жылында бизде 23 мунапыс чыкты. Бир дагы цивилизациялуу өлкөдө мындай жасалбайт. Анан эмне болорун өзүң элестете бер. Биз катачылык кетирип жатабыз. Өзүбүз көйгөй жаратып, анан кайра эле өзүбүз жойгонго аракет кылабыз. Түшүндүң да. Балээнин баары ушунда болуп жатат. Мунапысты азыраак чыгарыш керек. Антпесе, ар бир чакырылган парламент мунапыс кабыл алганды модага айлантып алышты. Эмне себептен экенин билбейм. “Каралардын” алдына жүгүнүшкөндөрүбү? Жеглов айткандай “ууру түрмөдө отурууга тийиш”. Кылмышкерлер бат эле кутулуп чыгарын билип алышып, азыр өтө эле тайраңдап кетишти. Буларың же мыйзамдан же мамлекеттен коркушпайт. Биздин Жогорку Кеңештин түрү ушул. Анан өздөрү ызы-чуу салып коюшат. Биздин кылмышкерлер өтө эле тайраңдап кетишкендеринин себеби да ушунда. Аларды Жогорку Кеңеш пайда кылып жатат. Ошондуктан, күнөөлүүлөрдү милициянын жана мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин арасынан издебеш керек. Ал эми сот системасы болсо өзүнчө тема. Ал системалуулуктун рангына көтөрүлүп алды. Мүмкүнчүлүк эле болсо коё беришет…

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: