Menu

Расул Үмбөталиев,энергетика боюнча кез карандысыз эксперт: “Элди сооротуш үчүн жылуулук борборунда иштеген жөнөкөй кызматкерлерди гана садага чаап коюшу мүмкүн” 

Бөлүшүү:

Жылуулук электр борборундагы кырдаалдын күңгөй-тескейин билүү максатында энергетика боюнча көз карандысыз эксперт, кандай маселе болбосун өз көз карашын тайманбай ачык айткан Расул Үмбөталиевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алууга аракет кылдык.

– Расул мырза, кыш кылычын алып, сууктун температурасы жогорулай баштаганда какаганга муштаган болуп, Бишек ЖЭБи аварияга учурап, кабат үйдөгүлөр жылуулугу жок калып, элдин нааразчылыгы күч алды. Жогору жактагылар маселе чечилет, жылуулук берилет дешкени менен, ЖЭБдин оңолуп, элди жылуулук менен камсыздай турган түрү жоктой. Буга не дейсиз?

– Туура айтасыз. Кычыраган кыш кылычын көтөргөн маалда элдин жылуулугу, электр жарыгы жок калганы чыны менен аянычтуу болду. Бишкек Жылуу­лук электр борбору (ЖЭБ) шаардыктарга жакын арада жылуулук тийиштүү көлөмдө бериле баштайт деп ишендиргени менен, азыркыга чейин так мөөнөтүн айта албай жатат. Учурда Жылуулук борбордун жетекчилиги от казандарды оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдап, бул иштер кыйынчылыктар менен коштолгонун моюнга алышууда. Кыскасы, абал оор. Маселе чечилип эл жылуулук менен камсыз болгондо гана ишенбесек, ага чейин “бүгүн же кечинде оңдолуп калат” деп айтуу кыйын болуп жатат.

– Эмне үчүн жылуулук борборундагы техникалык бузулуунун аныгын азыркыга чейин айта албай жатышат?

– Ал маселе комиссиянын жыйынтыгы менен гана белгилүү болот деп жатышат. Бирок, мага жеткен маалыматтар боюнча 26-январда иштеп жаткан сегиз от казандын бири иштен чыккан. Аны менен чогуу баш­ка от казандар жылуулук бербей калган. От казандардын жылыбай жатышына насостук станциянын иштен чыгышы себеп болгон. Анткени, насос иштебей, от казандарга тийиштүү көлөмдө суу барган эмес. Башкача айтканда, суу тоңуп калган. 27-январдагы ызгаар Суукта Бишкек Жылуулук борбору сегиз от казандын ордуна эки от казанды гана иштетүүгө аргасыз болушкан. Ошон үчүн көп кабаттуу үйлөргө баштагыдай жы­луулук бере албай, көп кабаттуу уйлөрдүн жашоочулары арасында “үй муздап калды. Үшүп жатабыз” деген нааразычылыктар башталган.

– Борбор калаанын жылуулук маселеси кантип жолго салынат?

– Жолго салыш үчүн а дегенде иштен чыккан от казандарды калыбына келтириш керек. Болбосо, баш­тагыдай жылуулук берилбей эл үшүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын арасында нааразычылык күч ала берет.

– Бишкек ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулу алты от казан иштеп жатканын маалымдап, дагы экөөнү жылуулук борбордун адистери ишке киргизүү аракетин көрүп жатат деди го?

– Бишкек Жылуулук электр борборунда жалпысынан 18 от казан бар. Аларды ишке киргизүү кый­ынчылыктар менен коштолууда. Айтайын дегеним, 29-январда эртең менен кошумча бир от казанды ишке киргизип жатканда түтүктөрдөн суу агып иштебей койгон. Бирок, Бишкек ТЭЦи “жакынкы мөөнөттө борбор үчүн керектүү сегиз от казан толугу менен иштей баштайт”- деп убада берүүдө. Бирок, ал от казандар качан калыбына келет, качан иштеп баштайт? Көп ка­баттуу үйлөрдү жылуулук менен баштагыдай камсыз­дай алабы (?) деген маселе ачык бойдон калууда. Ант­кени, ТЭЦтин кызматкерлери да, жогору жактагылар да элди сооротуп, жылуулук берилет дешкени менен так күнүн айта албай жатышат. Себеби, маселени толук чечиш үчүн жаңы от казан кое койгонго каражат жок. Эскини оңдош да оңой иш эмес. Кыскасы, ТЭЦте оңбогондой акчаны талап кылган кырдаал жаралды.

– 386 млн. доллар карыз алып Бишкек жы­луулук борборун модернизациялашканы туура эле болгонбу же бул жерде да катачылыкка жол берилгенби?

– Негизи мен Бишкек жылуулук борборуна эки кор­пус курулуп, модернизацияланганын туура деле көргөн эмесмин. Ал тургай ошол маселе көтөрүлгөндө каршы оюмду билдирип, 60 жыл мурун курулган ТЭЦтин эскилиги жеткенин, аны шаардын ортосунан шаардын четине жылдыруу зарылчылыгын айткам. Кытайлардан алган каражатка электр энергиясын өндүрө турган ГЭС куруу маселесин көтөргөм. Тилекке каршы, мен көтөргөн маселелер колдоо тапкан эмес. Ал тургай ТЭЦ модернизация болгондон кийин Казакстандын эмес, Кыргызстандын көмүрүн жагалы деген сунушумду да эске алган жан болгон жок. Казакстандын көмүрүнөн чыккан уулуу заттар ТЭЦтин уюлгуган түтүнүнөн шаар эли жапа чегет. ТЭЦ мурда шаардын сыртында болсо, учурда шаардын так ортосунда болуп калды. Ошон үчүн оңдоп,-түзөп жаңылабай эле жаңысын куралы же “Датка кемин” сыяктуу гидроэлектростанция куралы дегем. ГЭС куруп, электр энергиясын өндүрө баштаганда азыркыдай оор кырдаал жаралмак эмес. Азыр жылуулугу эле эмес, жарыгы да өчүп үшүп, шишигендер көбөйдү. Бул маселеге кайрылып жатканымдын да жөнү бар. Анткени, 386 млн. долларга курулган эки блоктун бири учурда иштеген жок. Экинчи блок жылу­улук эмес, электр энергиясын өндүрүүгө багытталган, аны ишке киргизүү үчүн көп көлөмдөгү суу керектелет. Азыр суу куюп, 8-10 саат коротконго убакыт жок бо­луп жатыптыр.

– ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган 386 млн. доллар сметасы жок эле алынганын, ал тур­гай “алардан арзан курабыз” дегендерге беришпегени ачыкка чыга баштады. Ким кытайлардын ушул компаниясы курсун деген чечимди кабыл алды эле?

– Мен билгени ТЭЦти модернизация кылуу боюн­ча эки кытай компаниясы тендерге катышып, бири 386 миллион десе, экинчи компания 30 миллионго арзан кураарын айтышкан. Эмнегедир жогору жактагылар 386 миллионго кура турган компанияга берүү чечимин кабыл алышкан. Ошон үчүн ТЭЦ 386 миллион доллар­га жаңыланды. Бул жерде чоң коррупция жатат.

– Эми эл кыйналган кырдаалга ким жооп бе­рет? Кимди күнөөлөсөк туура болот?

– Бул маселеге эң биринчи энергохолдингдин жетекчиси күнөөлүү. Анан ТЭЦтин жетекчисинин да жоопкерчилиги чоң. Эми жогору жактагылар кырдаалды жөнгө салып, элди сооротуш үчүн ТЭЦте иште­ген жөнөкөй кызматкерлерди садага чаап, жоопкерчиликти аларга жүктөп койбошу үчүн биринчи ушуларды жоопко тартыш керек, тиешелүү жазасын да бериш ке­рек. Айтайын дегеним, жөн эле кызматтан кетирбей, кычыраган кышта элди тоңдуруп, жылуулуксуз, электр жарыгы жок калтырганы үчүн кылмыш иши да козгош керек.

– Кыргызстандын УКМК баш болгон бир катар тергөө органдары жылуулук борборундагы абалды ар кандай иш-чаралардын алкагында текшерүүгө киришти. Мындан жыйынтык чыгабы?

– Азыр жыйынтык чыгат же чыкпайт деп алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Анткени, ал комиссия эмнесин иликтейт, кимди садага чабат азырынча белгисиз…

Маектешкен Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: Майдан.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: