“Түштүк” ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош шаарына караштуу Жапалак айылында “Мерседес-Бенц 817” үлгүсүндөгү шектүү автоунааны токтотушкан. Аны текшергенде күмөндүү жүктөр артылгандыгы ашкереленди.
Ошентип, Н. У. К. аттуу Кыргыз жараны жалпы сумасы 412 020 сомдук 5886 кило жашылчаларды атайын картон кутучуларга жүктөп, бажыны кыйгап өтүп ЕврАзия экономикалык биримдигинин аймагына алып бараткандыгы тастыкталды.
Бардык материалдар Ош облустук прокуратурасына тергөөнү улантуу максатында өткөрүлүп берилди.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ