Menu

Кыргызстандын чоң сааты да токтоду…

Бөлүшүү:

Бишкек борбор калаа деп аталган менен көзгө көрүнөрлүк кооз жайлар деле жок. Ошентсе да чок ортодо жайгашкан курант бар. Мындан эки жыл мурда саат сайын мурда жаңырган коңгуроонун ордуна ооз комузда жаңырган музыка орнотулуп, улуттук дух берилген болчу. Ал жакка көпчүлүк учурда “свидания” уюштурган жаштар, бири-бирин издешкендер барышат. Бир чети сааттын жебесин көрсөтүп, кеңири аянты, суу оргумалары болгондугу жана “Айчүрөк” универмагы сыяктуу ири соода түйүндөрү ошол аймакта жайгашкандыгы да ыңгайлуу болсо керек. Бирок бул курант 29-январь күнү саат 10.00дөн кийин токтоп калды. Аны баш кеңсеси жанаша турган жана жооптуу мекеме болуп саналган  “Кыргызтелеком” ААКнын маалымат кызматы да моюнга алып, төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди: “Саат электр кубаттуулугунун өйдө-төмөн болушуна байланыштуу токтоп калышы мүмкүн. Учурда саат иштеп жатат. Мүчүлүштүктөр түштөн кийин жоюлду”. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери чоң сааттын жебесинин токтоп калуусунун так себебин аныктоо үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалаган. Мүчүлүштүккө суук аба ырайынын таасири болгон-болбогону белгисиз. Тилекке каршы бул окуя суук менен ЖЭБдеги авариянын көлөкөсүндө калып, анчалык резонанс жаралган жок. Мындай көрүнүш же башкы сааттын токтоп калуусу биздин тиешелүү жетекчилердин өз ишине шалаакы мамиле жасагандыгынын белгиси эмеспи? Эгер Москванын Кызыл аянтындагы Кремлдин сааты токтоп калса, чоң ызы-чуу болсо керек эле.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: