Menu

Атамбаев, Салымбеков, Бабанов, Түлеев, Абдыкеримов… кыргыздын байлары асман тиреген имараттар шаарчасын курабы? (Жазуучу жана кинопродюсер Өмүрзак Төлөбековдун кайрылуу түрүндө маеги) – Өмүрзак Жолдошуулу, сиз сценарист жана продюсер катары калың журтка кеңири белгилүү “Президент жана бомж-1-2”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” аттуу көркөм, “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларын тартып, эл аралык айдыңга чыгып, көп өлкөлөрдү кыдырып жүрөсүз. Жакында соцтармактарга Бишкекте 30-50 кабат имараттардан турган “Манас” бизнес кичи районун курууну сунуштадыңыз. Бул кызыктуу демилгеңизди кеңири чечмелеп берсеңиз. – Өзүңүз айткандай, чыгармачылык сапар менен бир катар өлкөлөрдө болууга насип буйурду. Алыскы өлкөлөрдү жөн коюп, кечээги союздаш, жамаатташ Россия, Казакстан, Азербайжан, Чеченстандын борбор калаалары Москва, Астана, Баку, Грозный шаарларындагы асман тиреген 30-50 кабат бийик имараттарды көргөндө аргасыздан көз да, ич да өрттөнөт. “Чиркин, биздин Бишкекке ушундай сөөлөттүү көк тиреген имараттар курулуп, Кыргызстаныбыз да өссө!” деп арман кылабыз. Москвада 1993-94-жылдарда М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун жогорку курсунун угуучусу болуп, ага удаа эл аралык жазуучулар союзунда кеңешчи болуп иштегем. Көп жыл өткөндөн кийин, 2013-жылы “Президент жана бомж-2” тасмабызга эпизод тартканы Москвага барып, асман тиреген 45-55 кабат имараттар комплекси жайгашкан эл аралык “Москва-Сити” ишкер борборун көргөндө “Кадимки эле Нью-Йорк го!” деп тен бергенбиз. Көк, сары-кызыл түстөгү калың айнек менен тышталган бийик имараттардын ирилери “Империя”, “Федерация”, “Триумф”, “Меркурий” деп аталат. 2015-жылы Грозныйга бардым. Түндө жеттик. Аэропорттон шаарга жакындаганда жаркырап алыстан көк тиреген бийик имараттар курулган “Грозный сити” бизнес кичи району шаарды кыйла барктуу, сөөлөттүү көрсөтүп турду. “Грозный таанылгыз өсүп-өнүптүр” деп келаттык. Эртеси барсак, 30-40 кабаттуу заңкайган 5-6 бийик имараттар. Ал эми Астана таптакыр башка керемет. Көк тиреген 30-40 кабат имараттар менен катар “Байтерек”, “Хан чатыр”, “Пирамида” өңдүү курулуштар өзгөчө архитертуралык жана дизайнердик жасалгасы менен көз жоосун алат. Ушундай керемет курулуштардан улам биз да Бишкегибиздин бир четине 30-50 кабат бийик имараттардын кичи районун курсак деген ой келет. Астанадагы “Байтерек”, Париждеги Эйфель мунарасы сыяктуу өзгөчөлөнгөн, мунара сымал оригиналдуу бир ири жай курулса, ого бетер мыкты болмок. Эзелки “Эйфель” менен жакындагы “Байтерек” Франция менен Казакстанга көрк, сөөлөт гана эмес, казынага олчойгон каражаттарды түшүрүп келатат. – “Ой жеткенге кол жетпейт”, “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи, каржы маселеси каржалтып, кендирди кесет да. – Астанада мисалы, көк тиреген имараттардын бирин “Казак темир жолу” ишканасы курган өзүнүн мекемеси кылып. Дагы бири – басма сөз үйү. Анда “Хабар”, “Казакстан”, “ОРТ-Казакстан”, “Астана” телеканалдары жайгашкан. Бизде деле “Кумтөр”, “Мегаком”, “Дордой”, “Аю”, “Бозумчак”, “Манас” аэропорту өңдүү бай ишканалар, бизнес тутумдары бар эмеспи. Атамбаев, Салымбеков, Бабанов, Түлеев, Абдыкеримов сымал байманалуу бизнесмендерибиз турушат тирелип. Анан да Назарбаевчесинен чет өлкөлүк бай кампанияларды тартса болот… Кыргызстан менен тыгыз кызматташып жүрүшкөн Машкевич, Ибрагимов (Токмоктук граф), Шодиев, Бажаев өңдүү эл аралык деңгээлдеги олигархтарды чакырсак…. Бишкектин бир четинен жер бөлүп, “Манас” бизнес кичи районун уюштуруп, ушул мекемелер менен бизнесмендердин ар бирине бирден 30-50 кабаттуу бизнес имараттарды салуу сунушталса, алардын колдорунан келмек… Ал түгүл өзүбүздүн эле Иманалиев, Султанов, Рысалиев, Ташов өңдүү ишкерлер жайнаган 20 кабат үйлөрдү тургузуп атышпайбы… Ушул аруу тилек ишке ашса, баш калаабыз, Кыргызстаныбыз таанылгыс кулпуруп өсүп-өнүкмөк. Экинчиден, жүз миңдеген жумушчу орундары ачылып, чет өлкөлөрдө жүрүшкөн жигит-кыздарыбыз келишмек… Үчүнчүдөн, казынабызга ири каражаттар түшмөк… – Орточо алганда 40 кабат имарат курууга биздин бизнесмендердин чамалары жетээрине ишенесизби? – Көп кабаттуу турак үйлөрдүн чарчы метри Бишкекте орточо 400 доллардан курулаарын эске алганда мисалы, 70х100 метр, бир кабаты 7000 чарчы метр болсо, 40 кабат имарат 300 миңге жакын чарчы метр, демек, 40 кабат бир ири имарат 100 миллион долларга турат. А бизде 100 миллион доллардан ашык дүнүйөсү бар байлардын саны 100дөн ашаарлыгы, ал эми алдыңкы он чактысынын байлыгы 500 миллион доллардан 1 миллиард долларга чейин чапчырлыгы айтылып-жазылып жүрбөйбү. Андан тышкары ири имарат кургандар көбүн эсе узак мөөнөттүү кредиттерди алышаары белгилүү. Экинчиден, мындай имараттар бизнес багытта болот. Мейли, ылдыйкы кабаттары парковка, дүкөн, калкка тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү пункттар, спорт зал, кафе-ресторан, андан жогорулата офис, мейманкана, квартира… Кыскасы, курулушка акча салган бизнесмен кайра андан узак жылдап көп байлык кайтара алат… Мындай кирешелүү тармакты ачууга чет өлкөлүк акчасы бапыраган бизнесмендер да кызыгышмак. – “Бишкектин чети” деп атпайсызбы. Ылдый тарап саздак жана чиркейлүү эмеспи. Ошондуктан андай имараттарды тоо тарапка куруш керек го. – Арийне, абасы таза, салкын жогору жак жакшы болмок. Бирок, ал тарап жер титирөөгө туруштугу ылдый деп эсептелип жүрбөйбү. Адистер туура көрүп, уруксат беришсе, мыкты болмок. Ал эми сазды кургатып, чиркей аттууну кууп атышпайбы. – Бишкекте 20-25 кабат имараттар курулуп эле атат го. – Ооба, ар-ар жерде чачылып курулуп, шаарга көрк бере албай атат. Ошон үчүн бир жерге топтосок, көк тиреген имараттардын ансамбли шаарыбыздын көркүн жана сөөлөтүн көтөрмөк. – Сиздин сунушка соцтармактарда бир топтор, мисалы, Гуля Саматова: “Жакшы ой. Чындыгында байларды куугунтуктабай, иштетиш керек эле… Чет өлкөдөн тажрыйба алышса болмок” деп ой бөлүшүптүр. – Туура. Керек болсо, биз “миллиондогон эмес, миллиарддаган доллар алып кетишти” деп жер тепкилеп, бирок, 8-13 жылдан бери эч нерсе кыла албай келаткан Акаев менен Бакиевди да тартып, негизги байлыктарынын мураскорлору эсептелген Айдар менен Максимге шарт койсок болмок: “Келип бирден 50 кабат имарат салып, элиңерге кызмат кылгыла” деп. Муну “каржылык реабилитация” дейт эл аралык практикада. – Элибиз жана өлкөбүздүн келечеги үчүн иштиктүү сунушуңуз бар экен. Мындай алгылыктуу демилгени коомчулук кызуу колдоого алаарына ишенебиз. – Сиздердин эл арасында кадыр-барктуу басма сөз аркылуу кыргыз коомчулугуна жана бийлик башчылары – Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго, өлкөнүн өкмөт башчысы Сапар Исаковго, парламент төрагасы Дастан Жумабековго, Бишкек шаарыбыздын мэри Албек Ибраимовго кайрыла кетсек. “КАРАХАНИЙ ТААЖЫСЫ” НЬЮ-ЙОРК, СТАМБУЛ, ДУБАЙДА ТАРТЫЛАТ” – Эми өзүңүздүн чарбаңыз болгон кино тармагындагы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз. Бир канча өлкөдө жаңы тасма тарта турганыңыздан кабардарбыз. — “Караханий таажысы же, алтындан кымбат махабат” аттуу көркөм тасмабызды Бишкекте, Астанада, Ташкентте, Москвада, Стамбулда, Дубайда, Нью-Йоркто тартмакчыбыз, буйруса. – Көп өлкөлөрдүн актёрлору катышабы? – Ооба, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Турциянын, Россиянын белгилүү киноактёрлорун чакырмакчыбыз. – Кандайча 7 өлкөдө тартылаары тууралуу, кыскача окуясын айтып бербейсизби? – Астанада иштеп жүргөн казак жигит Айдар башына иш түшүп, карызга батып, чоң атасы бир кылымга жакын мурда Кыргызстанга бекиткен алтынды издеп келет. Кыргыз жээни Жанузак бул мезгилде үй-бүлөсү менен Америкада жашап аткан болот. Айдар алтын издеген аппарат үчүн алтын кенге жумушка кирет. Комбинаттын директору Исаев казак ханынын тукуму Айдарды, өзбек досу Бахтиярды ээрчитип Стамбулга барып, илгери, 13-кылымда олжолонуп кеткен Караханий каганынын алтын таажысын издешет. – Бир канча өлкө катышса демек, эл аралык долбоор болот экен да? – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын кинокомпаниялары биргелешип тартмакчыбыз. – Мамлекеттик кино студияларбы? – Жок. Эркин кинокомпаниялар. – Көп өлкөлөрдө тартылчу, үч мамлекет биргелешкен бул эл аралык ири кино тасма көрүүчүлөргө качан тартууланмакчы? – Кудайым буйруса, май айларында го болжолу. Айгерим Акылбекова, Булак: “Майдан. kg” гезити

Бөлүшүү:

Казакстанда “Диний ишмердүүлүк жана диний уюмдар” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, сакалдын узундугуна жана формасына жараша деструктивдүү идеалогиялык агымдарды жактагандар аныкталат.

Дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев деструктивдүү диний агымдардын атрибуттары менен тышкы белгилерин жарыя түрдө көрсөтүүгө тыюу салуу пландалып жатканын айтты. “Деструктивдүү идеалогиялык агым” дегендин так аныктамасы жок, бирок мыйзам авторлору анын белгиси катары сакалдын узундугу менен формасын иреттөөнү сунушташууда.

“Кеп кез-келген сакал же дин кызматкерлери туурасында болуп жаткан жок. Кеп деструктивдүү диний агымды жактайт деп таанылган кишилерге гана тиешелүү болуп жатат”, – деди Нурлан Еркембаев.

Министрдин айтымында, коомдук жайларда кишини жүзүн таанууга кедергисин тийгизген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бул пунктту административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске киргизүү пландалууда. Никаб кийген аялдарга протоколдорду полиция кызматкерлери толтурат. Мыйзам бузгандарга 50 айлык эсептик көрсөткүчтөн жогору (370 доллардан жогору) айыппул салуу каралып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: