Menu

Ислам Каримовдун кыздары менен неберелери анын мааракесине катышкан жок

Бөлүшүү:

Өзбекстанда биринчи президент Ислам Каримовдун 80 жылдык мааракеси кеңири белгиленди. Бирок туңгуч президенттин кыздары менен неберелери ал иш-чараларга катышышкан жок. 30-январда Самаркандда Ислам Каримовдун мемориалдык комплекси, Карши шаарында эстелиги ачылды. Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, маркум пре­зиденттин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Мааракелик иш- чараларга Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова катышып, бирок анын кыздары менен неберелери келишкен жок. Ислам Каримовдун АКШда жашап жаткан кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбук баракчасына «бир катар себептерден улам» Өзбекстанга бара албай калганын жазды. «Бир катар себептерден улам бүгүн биз Самаркандда эмеспиз. Бирок сиз өзүңүздүн туулуп-өскөн сүйүктүү шаарыңызда өз элиңизди, балдарыңызды, жалпы эле сизди чындап жакшы көргөн жана учурда дагы жакшы көргөн адамдарды күтүп жатканыңызды билебиз», – деп жазды Лола Каримова-Тилляева. Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова учурда камакта. Өткөн жылы ага карата дагы бир нече жаңы айыптар тагылган. Каримованын 25 жаштагы уулу Ислам Каримов таятасынын 80 жылдык мааракесинин алдында Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган.

Булак: Ачык саясат

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: