Menu

Конгресс Акүйдөн Нарышкиндин АКШга сапары тууралуу маалыматтарды талап кылды

Бөлүшүү:

АКШ Сенатындагы демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумер Ак үйдөн өлкөнүн санкциялык тизмесине киргизилген Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкиндин Вашингтонго сапары боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады.

Өткөн аптада Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкиндин Кошмо Штаттарга барып, америкалык кесиптештери менен «терроризмге каршы бирге күрөшүү» маселесин талкуулаганын күн мурун Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов билдирген.

Сенатор Чак Шумер мында бардыгы ачык эмес экенине тынчсызданып, Нарышкин буга чейин да АКШга келип жүргөн болушу мүмкүн деген божомолун айтты. Ал Трамптын администрациясы Нарышкиндин кайсыл америкалык чиновниктер менен жолугушкандыгы жана санкциялык тизмедеги орусиялык дагы кайсыл кызмат адамдары АКШга киргендиги тууралуу суроолорго жооп бериши керек деп эсептейт.

Ал Нарышкиндин сапары Ак үй Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизбөө тууралуу чечим кабыл алган маалга туш келгенин белгиледи.

Шейшембиде АКШнын Каржы министрлиги 210 адамдан турган «Кремль баяндамасын» жарыялаган. Ага Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация кызматкерлери, жакын адамдары, мамлекеттик корпорациялардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын башчылары жана олигархтар киргизилген. Тизмедеги адамдарга карата санкциялар киргизилиши мүмкүн. Бирок АКШ президентинин администрациясы жакынкы арада санкция киргизилбей тургандыгын билдирүүдө. Москва «Кремль баяндамасын» 2018-жылдын мартына белгиленген Орусиядагы президенттик шайлоого таасир этүү аракети деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: