Menu

Жең ичинен желип кеткен 235 млн сомду ким кусат? Жамшитбек Калиевби?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 мил­лион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин аныктап чыккан эле, маалым болду. Бул тууралуу аудитор Ишенбек Медетов “Азаттыкка» буларды айтып берген:

– Курулуш-кураштыруу иштеринин көлөмүн ашыруу боюнча 225,6 миллион сомду, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги же болбосо кем чыгышы 7,7 миллион сомду, ошондой эле эмгек акыны негизсиз төлөө 1,9 миллион сомду түзгөн. Мындан эң негизги каржылык мыйзам бузуу фактылары Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун, Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортуна кетчу жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. Мисалы, Балыкчы-Корумду жолунда долбоор боюнча сульфатка туруктуу цемент колдонулушу керек болчу. Иш жүзүндө Кант цемент заводунан чыккан кадимки эле цементти колдонуп коюшкан жана айырма 118 миллион сомду түзгөн. Андан сырткары жумуш ашыкча көрсөтүлүп, анын акчасы 762 мин сомго негизсиз көбөйтүлгөн.

Ушундай мыйзам бузуулардан улам мамлекетке 175,5 млн. сом зыян келген. Ал эми атайылап сарамжалсыз пайдаланган каражат 11 млн. сомду чапчыйт. Эми Эсеп палатасынын мынай фактыларын Башкы прокуратура, парламент, өкмөт карап чыгып, юридикалык баа бериши зарыл.

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: