Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: Өзүңөр эле “Доско күлкү, душманга табаа” болосуңар

Бөлүшүү:

Балким кимдир бирөлөргө аз болсо да сабак болоор. Притча катары жазып коеюн деп чечтим. “Аалам” гезитинде иштеп турганымда бир таанышым келип калды. Дээрлик бир паласага толгудай макала көтөрүп алыптыр. “Ушуну жарыялап бер”- деди. Окусам келини менен уулу ажырашып, келини төркүнө кетип калыптыр. ортодо аябай чырлашуу болуптур. Макала баштан аяк келини менен келиндин төркүнүн ашкере жамандаган фактылардан турат экен. Отуруп алып келинин, келиндин төркүндөрүн аябай жамандады. “Ушул макаланы достук кылып гезитке жарыялап бер. Аларды бүт кыргызстанга шерменде кылайын”- дейт. Ойлонуп туруп муну айттым “Дос мен го жарыялай берем. Бирок эртеңи кандай болот? Уулуң кайра элдешип алса кандай болот? Ортодо балдар бар экен. ( 4 бала,2эркек 2 кызы менен ажырашып атыптыр) Тилимди алсаң азыр ачууга алдырбай жок дегенде 1,5-2 жыл күт. Азыр жарыялап жиберсек келиниңдин да куда сөөгүндүн да астында “Бизди шерменде кылып гезитке чыгарткан”- деген сөзгө каласың”- десем “Жок балам жарашпайт. Келиним адам эмес”- деп зыркырайт. Мен ары айтып бери айтып көндүрө албай коюп “Мейли жок дегенде 2-3 ай күтөлү болбосо жарыялап берейин”- деп макаланы алып калдым. Ошентип макала жарыяланган жок. Арадан 1.5 жыл өткөндө баягы таанышыма жоолугуп калдым. Жоолукканда эле ” Айланайын баягыда мени сактап калыпсың. Балам 1 жылга жетпей эле келиним менен элдешип албадыбы. Сенин тилиңди албай ошол макаланы жарыялап жибергенде келинге да куда сөөккө да бет карагыз болуп, шермендем чыкмак экен”- дейт. Эмне айтмакмын. Үй бүлөдө ар кандай чырлар болот. Эми чыр болгондон кийин ачуу сөздөр айтылат. Таарынышуулар болот. Бүт эле элге жарыялай салышка шашпасаңар. Кимдир бирөнөн үй бүлөсүндөгү чыр, бири бирин жамандашуу эч кимге деле маанилүү эмес. Эл “А-аа байкуштар”- дешип табаалап эле коюшат. Үй бүлөнүн ички мамлилеси өзүңөргө эле керек. Келиниңди жамандайм дегенде небереңдин энесин жамандап атканыңды ойло. Күйө балаңды жамандаарда небереңдин атасын ойло. Бул эрди катынга да тийиштүү. Аялың балдарыңдын энеси. Күйөң балдарыңдын атасы. Алмаштырып коюу мүмкүн эме. Өзүңөр эле “Доско күлкү, душманга табаа” болосуңар.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу.(Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: