Menu

«Күрөө жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 4-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты – “Күрөө жөнүндө” Мыйзамдын ченемдерин Бюджеттик кодекске ылайык келтирүү, ошондой эле “Күрөө жөнүндө” Мыйзамдагы акыларды жана жыйымдарды алууну көрсөтүүчү ички карама-каршылыктарды четтетүү.

Тактап айтканда “Күрөө жөнүндө” Мыйзам күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салат. Мыйзамдын 23-беренесинде күрөөнү каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленери каралган.

Ошол эле учурда  2016-жылдын 15-июлундагы Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, кыймылдуу мүлктү каттоо эмес, ал эми кыймылдуу мүлккө карата милдеттемелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап кылуу укугун каттоо аткарылып жатат.

Андыктан “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамга ылайык кыймылдуу мүлккө карата милдеттемелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап кылуу укугун каттоо мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Ошондуктан, бир эле мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жана жыйымды белгилөө жарандардан кош төлөм чогултууга алып келүүсү, бирок бир эле иш-аракет үчүн кош төлөмдү белгилөөгө жол берилбестиги эске алынып, карама-каршылыктарды четтетүү максатында Мыйзамда “Күрөө жөнүндө” Мыйзамдын колдонуудагы редакциясына өзгөртүү киргизилип Мыйзамдын 23-беренесинин жоболорун алып салуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: