Menu

Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева 31-январда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, расмий иш сапары тажик президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болмокчу.

Иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Тажикстандын президенти, премьер-министри жана спикери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. Күн тартибине киргизилген маселелердин арасында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо да бар.

– Соода-экономикалык алака боюнча да пикир алмашуу болот. Эки мамлекет ортосунда товар жүгүртүү көбөйүп жатат, бирок аны дагы арбытуу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, ал толук колдонулбай келет. Андыктан тараптар бул багытта ишти күчөтүүнү максаты кылууда, – деди Субакожоева.

Президенттин Тажикстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, эки өлкө башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгары айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашатАнын 55 пайызга жакыны тактала элек.

Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтү кыргыз-тажик чек арасынын эң татаал тилкесинде жайгашкан. Ошондон улам ал жерде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал, араздашуу тез-тез болуп турат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: