Menu

Наманганда сойкуканага келгендер тарабынан сабалган аял каза болду

Бөлүшүү:

Сүрөттө сойкуканага келгендер тарабынан сабалган 52 жаштагы Тургуной Олтинова.

30-январда Наманган шаардык ооруканасында 52 жаштагы жергиликтүү аял каза болду. Бир жума мурда ал коңшу жайгашкан сойкуканага келген адамдарды кууп, милиция чакырууга аракет кылган маалда катуу сабалган.

Укук коргоо органдарынан аялды сабаган адамдар кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Тургуной Олтинованын коңшуларынын бири аялды коңшу батирдеги сойкуканага келген адамдар сабаганын көргөндүгүн айтты.

“Биздин үйдө сойкукана бар. Тургуной апаны 23-январда кечки саат он жарымдарда ошол батирге келген белгисиз адамдар сабап кетишти. Биз анын кыйкырганын угуп сыртка чыкканда кол салган адамдар качып кетишти. Алардын бири беткапчан болчу. Кан жалап жаткан Тургуной апаны ооруканага жеткирдик. Бир жумадан кийин, 30-январда ал каза болуп калды, – деди маркумдун коңшусу.

Наманган шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматты ырасташканы менен Тургуной Олтинованын коңшулары милиция тараптан сойкукананы жабуу боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүн билдиришүүдө.

“Биздин үйдө балалуу үй-бүлөлөр жашайт. Ага карабастан мында сойкукана ачышты. Күн сайын жарым жылаңач кыздар шектүү эркектерди тосуп алышат. Тургуной апа бул үйдө кийинекей балдар дагы жашай турганын айтып, алар менен дайыма урушуп келген. Акыры аны катуу жазалашты. Эмнеге милиция унчукпайт? Бизди ушул таң калтырып жатат, – деди маркум Олтинованын дагы бир коңшусу.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: