30-январь күнү Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын төрагасы Волкан Бозкыр менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар салттуу деңгээлдеги кыргыз-түрк кызматташтыгынын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы өз ара кызматташтыгын, анын ичинде парламенттер арасындагы мамилелер тармагында, маселелерди талкуулашты.
Элчи И.Жунусов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, мындан ары эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Депутат В.Бозкыр маданий жана илимий тармактарда биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жардам берүү үчүн түрк тарабы даяр экендигин билдирди.
Жолугушуу жагымдуу шартта өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ